Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин коммуникация факультетинде 9-Май Улуу Жеңиштин 81 жылдыгына карата "Тарыхый эс тутум: согуш жана тыл " аталышындагы эскерүү иш-чарасы жана илимий конференция болуп өттү. Ага окумуштуулар, студенттер жана чакырылган коноктор катышышты. Аталган программада согуш жылдарында кыргыз элинин көрсөткөн тарыхый ролу, ооруктагы элдин биримдиги жана жамааттык эс тутумду келечек муундарга өткөрүп берүүнүн маанилүүлүгү талкууланды.
Иш-чара согушта курман болгондордун жаркын элесине багышталып, бир мүнөттүк эскерүү менен башталды. Программанын алкагында көрсөтүлгөн "Келечек тууралуу эскерүү" аттуу даректүү тасма согуш жылдарынын инсандык өңүтүн жана улуу жеңиштин артында турган элдин зор баатырлыгын, жасаган курмандыктарын кайрадан күн тартибине алып келди. КТМУнун радио, телевидение жана кино бөлүмүнүн окутуучусу, белгилүү режиссёр, КР эл артисти Артыкбай Сүйүндүковдун бул даректүү тасмасы тарыхый эс тутумга кино тили аркылуу жаңыча көз караш менен баа берүүгө чоң салым кошту.
Согуштун коомдук эс тутумга тийгизген таасири талкууланды
Конференциянын илимий отурумунда Муратбек Кожобеков “Улуу Ата Мекендик согуш маалындагы кыргыздардын этникалык тарыхынын изилдениши” деген темада баяндама жасап, согуштун кыргыз коомунун демографиялык түзүлүшүнө, социалдык абалына жана тарыхый эс тутумуна тийгизген таасирине баа берди. Заманбап тарых илиминин акыркы маалыматтарына токтолгон М.Кожобеков согуш бир гана аскердик куралдуу кагылыш эмес, жалпы коомдун маданий жана социологиялык түзүлүшүн өзгөрткөн глобалдык бурулуш кезеңи болгонун белгиледи.
Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында Кыргызстандан 380 миңге чукул адам кан майданга аттанганын айткан баяндамачы, бул көрсөткүч ошол кездеги элдин мекенчилдик сезиминин жана коомдук мобилизациянын жогорку деңгээлин айгинелей турганын ортого салды. Ошондой эле согуш кыргыз элинин жамааттык эс тутумунда терең из калтырганын өзгөчө баса белгиледи.
"Тарыхый эс тутум – коомдук иденттүүлүктүн негизги элементтеринин бири"
Программанын уландысында Кишимжан Эшенкулова тарабынан сунушталган “Тарыхый эс тутум: согуш жана тыл” аттуу баяндамада согуш мезгилинин коомдук аң-сезимге тийгизген таасири философиялык жана социологиялык өңүттөн талдоого алынды.
К. Эшенкулова тарыхый эс тутум коомдун өздүгүн калыптандырууда чечүүчү роль ойной турганына токтолуп, өткөн менен болгон байланышты сактоо улуттук баалуулуктарды коргоодо өзгөчө мааниге ээ экендигин баса белгиледи. Ошондой эле майданда күрөшкөн жоокерлер менен тылда өндүрүштү жана тилектештикти уланткан элдин ортосундагы биримдик, өз ара бүтүндүк улуу жеңишке жетүүнүн эң негизги өбөлгөлөрүнөн бири болгону айтылды.
Тарыхый аң-сезим жана коомдук жоопкерчиликке өзгөчө басым жасалды
Иш-чаранын жыйынтыктоочу бөлүгүндө согуш мезгилиндеги курмандыктар менен жан аябастыктын бүгүнкү тынчтыкты жана көз карандысыздык түшүнүгүн калыптандыруудагы тарыхый маанисине өзгөчө көңүл бурулду. Бул программа студенттердин тарыхый аң-сезимин өнүктүрүүгө жана жалпы маданий эс тутумду тереңирээк аңдап-түшүнүүгө маанилүү академиялык жана коомдук салым кошкону белгиленди.
Ошондой эле иш-чаранын алкагында КТМУнун Радио, телевидение жана кино бөлүмүнүн студенти Айзирек Каразакова тарабынан Кыргызстандын согуш баатырларына арналган чыгармалардан турган чакан концерттик программа тартууланды. Аткарылган обондор согуш жылдарынын коомдук эс тутумда калтырган издерин жана баатырдык баяндарды көркөм өңүттө кайрадан жандандырып, катышуучулар тарабынан зор кызыгуу менен кабыл алынды.







