2026-06-12

Бүтүрүүчүлөрүбүздүн ийгилик окуялары – 5


БИР КАТ МЕНЕН БАШТАЛГАН КАРЬЕРА ЖОЛУ

Жашоонун багытын өзгөртүү үчүн кээде чоң чечимдин деле кереги жок, почта кутусуна салынган жөнөкөй бир конверт өмүрдү өзгөртүп коюшу мүмкүн.

Кубат Касымбеков бүгүн Лондондо жайгашкан Би-Би-Си (BBC) Кыргыз кызматынын башкы редактору. Ал эл аралык медиа чөйрөсүндө редакциялык тартипке бекем жана курч репортаждар даярдаган кесипкөй адис катары таанымал. Анын бул жетишкендиги дароо эле чоң шаарлардын медиа редакцияларында эмес, Кыргызстандагы борбордон алыс жайгашкан айылдан башталган.Анда кеп башынан болсун.

Университеттин алакандай бир брошюрасы мектепте окуп жүргөн Кубаттын колуна тийгенде, анын өзгөчө бир сезимин ойготкон. Ал мезгилде “Манас” университети анын көз алдында башка бир дүйнөгө ачылган дарбаза эле. Ал дарбазага жакындашуунун жалгыз жолу кат болчу. Орус тилинде жазылган кыска кат. Өзүн тааныштырат. Университетке суктанарын айтат. Кантип студент боло аларын сурайт. Бирок ошол кат почтага жиберилгенден кийин, эстен чыгат. Чындыгында, айылдагы балага жооп кайтарылат деп күткөн эмес. Бирок бир нече жумадан кийин мектеп директору аны шашылыш түрдө чакыртат. Көрсө, “Манас” университетинин бир окутуучусу аны көрүү үчүн атайын айылга чейин келиптир.

«Жашоомдо биринчи жолу, — дейт ал бүгүн, — бир мекеменин катардагы эле бир окуучуну ушунчалык олуттуу кабыл алганын көрдүм». Ошол күнү мугалимдин өзү менен кошо ала келген китепчелери, плакаттары жана студенттердин сүрөттөрү көпкө чейин анын бөлмөсүнүн дубалында илинип турду.  Кубат жылдар өткөн соң артка кылчайып карап, муну келечекке болгон визуализациянын бир түрү болгонун айтат.

«Мен кампусту али көрө электе эле, өзүмдү ошол жерге таандык сезе баштагам».

Эки жашоонун ортосунда кабыл алынган чечим

Кубат тил үйрөнүүгө да, жазууга да шыктуу эле. Ошондуктан университетке тапшырууда ал бир эле учурда синхрондук котормо бөлүмүнө да, журналистика бөлүмүнө да өтөт. Чынында ал өзүн котормочулукка жакыныраак сезчү. Бул кесип ага кыйла коопсуз жана туруктуу бир жашоо сыяктуу көрүнгөн.

Бирок каттоо учурунда кеңеш сурап кайрылган кызматкер ага күтүлбөгөн сөздү айтат: «Журналисттердин жашоосун билбейсиңби? Алар дайыма кыймылда жүрүшөт. Күн сайын башка бир дүйнөнүн ичинде болушат».

Кээ бир адамдар жашоосундагы бурулуш учурду жылдар өткөндөн кийин гана байкашат. Ошол кездеги көз ирмемдер Кубаттын бүгүн да так эсинде. «Кээде бир эле сүйлөм адамдын тагдырын аныктап коёт».

Ошентип ал журналистиканы тандайт.

Жокчулук ичинде курулган интеллектуалдык дүйнө

Анын үй-бүлөсүнүн материалдык абалы чектелүү болчу. Шаардагы жашоо кымбат эле. Дайыма акча жөнөтүп турууга мүмкүнчүлүк болгон эмес. Бирок «Манас» университетинин стипендиялык системасы Кубат сыяктуу студенттер үчүн бир гана каржылык колдоо гана көрсөтпөстөн, социалдык теңдик сезимин да жараткан. «Ал чөйрөдө ким кайсы бренддеги бут кийим же футболка кийип жүргөнү маанилүү эмес болчу, — деп эскерет ал. — Адамдардын билимге болгон умтулуусуна гана көңүл бурулчу».

Анын эсиндеги студенттик жылдар тек гана сабактар менен чектелбейт. Ал жылдар факультеттин коридорлорунда жаралган ойлор, узакка созулган талкуулар, радиодо өткөн сааттар, жатаканадагы түнкү маектер жана китепканада бекемделген достуктар менен да коштолгон.

Күндүз сабакка катышат. Түштөн кийин «Манас» радиосунда иштесе, жайкысын жаңы окуу жылына каражат топтоо үчүн тигүү цехтеринде эмгектенчү. Тапкан акчасы кийинки окуу жылына толук жетпесе да, ага кыйла көмөк болот. Каражаттын тартыштыгы билимге умтулган уланды кыйнаган эмес. Ал: «Анткени биз руханий жана интеллектуалдык жактан өсүп жатканбыз», - дейт.

Микрофондун артында ачылган дүйнө

Кубат студент кезинен тарта эле КТРКнын маданий программаларында иштей баштайт. Андан кийин «Азаттык» радиосу. Кийинчерээк  журналистиканын жолу аны  BBCнин Лондондогу кеңсесине алып барат. Сырттан караганда карьерасы туруктуу өсүштүн, ийгиликтүү көтөрүлүүнүн жолу сыяктуу сезилиши мүмкүн. Бирок ал ийгилик көбүнчө күн сайын кайталанган тартиптин, эбегейсиз эмгектин жана үзгүлтүксүз аракеттин жыйынтыгы болгонун баса белгилейт. «Журналистикада эч ким сага даяр бийиктикти тартуулабайт, — дейт ал. — Сен өзүңдү күн сайын кайрадан далилдеп турушуң керек».

Прагада өткөн жылдар ичинде ал жаңылык борборунун тынымсыз агымына көнөт. Редакциялык тартипти, кризистик учурларды, жалган маалымат менен күрөшүүнү жана ар дайым сергек болуу зарылдыгын өздөштүрөт. Ал журналистиканы жөн гана кесип эмес, өзүнчө бир аң-сезим абалы катары мүнөздөйт: «Бул жумушта белгилүү бир иш убактысы жок. Саат алтыда чыгып кетип, дүйнөдө болуп жаткан окуяларга көз жуумп коё албайсың. (ойлонуп) Кайсы бир жерде трагедия болгондо, анын оорчулугун сен да кошо көтөрөсүң».

«Бейтараптуулук» деген нерсе

К.Касымбеков сүйлөп жатып эң көп токтолгон түшүнүктөрдүн бири —  «ак барак». Анын түшүнүгүндө журналисттин эң чоң душманы бир гана цензура эмес, адамдын өз аң-сезиминде жашаган алдын ала калыптанган көз караштар. «Эгер сен бир адам тууралуу алдын ала эле бүтүм чыгарып алып барсаң, — дейт ал, — берген суроолоруңдун өзү да бир тараптуу боло баштайт».

Ошондуктан ал ар бир окуяга, ар бир кабарга акыл-эсти бардык алдын-ала тыянактардан арылтып, нөлдөн баштагандай мамиле кылуу керек деп эсептейт. Редактор катары жаш журналисттерге берген алгачкы кеңеши да дал ушул: «Керек учурда өз ишенимиңди кайра карап чыгып, аны бузууга даяр болушуң керек».

Анын журналистика тууралуу түшүнүгүндө бейтараптуулук сезими жок болуу дегенди билдирбейт. Тескерисинче, окуянын оордугун жүрөгүң менен сезип туруп да, чындыктан тайбоо дегенди түшүндүрөт.

Ал муну дарыгерлердин Гиппократ антына окшоштурат. Анын ою боюнча, журналисттердин да көрүнбөгөн, бирок абдан маанилүү өз анты бар: «Коомду туура жана ишенимдүү маалымат менен камсыздоо».

Уйкусуз түндөрдөн жаралган кабарлар

Иликтөө журналистикасы тууралуу сөз кылганда, анын жүзү өзгөрүп, үнү  олуттуу чыгып, сөздөрү да салмактуу боло түшөт. Анткени анын пикиринде журналистиканын эң оор, эң жоопкерчиликтүү багыты мына ушул. «Кээде бир иликтөө материалынын артында айлап созулган психологиялык күрөш жатат». Бурмаланган багытка жетелеген, атайылап таратылган маалымат агымдары, коопсуздук тобокелдиктери, уйкусуз өткөн түндөр…

Ошентсе да ал бул процесстер тууралуу өзгөчө берилүү менен айтып берет. Себеби журналистиканын эң таза, эң нукура маңызы дал ошол жерде жатат деп эсептейт. «Кээде бир гана туура сүйлөмдү табуу үчүн күндөп-түндөп убакыт коротосуң. Бирок акырында ошол сүйлөм өз ордуна так отурганда, бардык кыйынчылыктар унутулуп, мээнетиң акталат».

Журналистиканын ичиндеги музыкант

Кубат Касымбековду бир гана жаңылыктар дүйнөсү менен чектеп түшүнүү жетишсиз болмок. Ал жаштык жылдарында обон чыгарып, ыр да жазчу. Атүгүл, кээ бир обондор түшүндө жазылганын айтат. Түн ичинде ойгонуп кетип, унутуп калбаш үчүн, обонду телефонуна акырын кыңылдап жаздырып алган учурлары да болуптур.

Комуз чертет. Теннис ойнойт, аны кызыгуу менен көрөт. Астрономия тууралуу китептерди окуйт. «Эгер журналист болбосом, балким астроном болмокмун», — дейт ал күлүп.

«Аалам тууралуу ой жүгүртүү адамга жөнөкөйлүктү, кичи пейилдикти үйрөтөт», — деп  кошумчалайт.

Балким, дал ошол себептен улам, ал жаңылык борборунун тынымсыз ызы-чуусунун арасында да сабырдуулугун сактай билеттир.

«Бул жерде бол»

Жаңылыктардын агымында жүргөн киши үчүн эң кыйыны — ойду топтоп үйгө кайта билүү экенин айтат. Өзү үйдө болгону менен эс-акылы жаңылыктардын агымынан чыга албай калган да учурлар болот. Өзгөчө балдары менен болгондо, муну терең сезет: «Кээде уулума жөн гана: “Бул жерде бол”, — деп айтам».

Ал бул сүйлөмдү дээрлик өзүнүн жашоо философиясына айланткан. Анткени азыркы медиа дүйнөсүндө адамдардын денеси бир жерде болсо, акылы таптакыр башка жактарда. Ал үчүн «бул жерде болуу» — бул бүтүндөй көңүлүңдү, аң-сезимиңди дал ушул учурга, азыркы көз ирмемге арноо дегенди билдирет. Балким анын ушунча жылдык журналисттик карьерасынан кийин жетүүгө умтулуп жаткан эң башкы максаты да дал ушудур.

Келечектин журналисттери үчүн

Азыркы замандын медиа дүйнөсү жөнүндө сөз кылганда,  толкундануусу кайрадан күчөйт. Кыска видеолор, жасалма интеллект, тездеген жаңылыктар агымы, көңүл буруу экономикасы… Кубаттын пикиринде, журналистика боюнча билим берүү системасы эми толугу менен өзгөрүүгө тийиш. «Үч барактан турган анализ жазуу оңой, — дейт ал. — Ал эми ошол эле нерсени 90 секунданын ичинде баарына түшүнүктүү кылып айтып берүү алда канча кыйын».

Жасалма интеллект журналистиканы кандайча өзгөртөрүн азырынча эч ким так биле элек деп эсептейт. Бирок бир нерсеге бекем ишенет: «Тил үйрөнгөн адам эч качан кор болбойт».

Кубатты угуп олтуруп, анын бир кездеги айылда отуруп, орус тилинде жазган ошол  катын  эстейсиң.

Анан Лондондогу BBC жаңылыктар борборун.

Бул эки чекитти байланыштырган нерсе таланттан тышкары, тынымсыз алдыга умтулуу, дүйнөгө баладай кызыгуу, тартипке көнүү жана өз учурунда жазылган бир кат экенин түшүнөсүң.

Корреспонденттер: Асылай Тороева жана Алтынай Досубекова