"Манастан" дүйнөлүк аренага: Мээрим Догдурбекованын баяны
Заманбап журналистика маалымат жеткирүүнү гана эмес, ошол эле учурда ал маалыматты визуалдык тил менен чебер айкалыштырууну да талап кылат. Бүгүнкү каарманыбыз дүйнөлүк деңгээлдеги медиа мекеме болгон BBC Кыргыз кызматынын журналисти Мээрим Догдурбекова.
Мээрим 2016-жылы Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин коммуникация факультетинин радио, телевидение жана кино бөлүмүн ийгиликтүү аяктаган. Анын кесиптик жолу кино дүйнөсү менен журналистиканын ортосуна орнотулган "алтын көпүрө" сыяктуу. Студент кезинде эле тасма тартып, Европанын кинофестивалдарын кыдырган жаш режиссёрдун кантип дүйнөлүк деңгээлдеги медиа корпорациянын катарына кошулганы көпчүлүк үчүн кызыктуу.
Бул маекте каарманыбыздын медицинадан искусствого бурулган тагдырын, кино тармагындагы билимдин журналистикага тийгизген таасирин жана энелик мээрим менен жоопкерчиликтүү карьераны кантип ийгиликтүү айкалыштырып жатканын терең баяндайбыз.
«Ак халатчан дарыгер болуу кыялым 9-класста өзгөрдү»
Мээримдин «Манас» университетине келиши медицина тармагына болгон алгачкы кыялынын өзгөрүшүнөн башталган. 9-класста окуп жүргөндө дарыгер болууну кааласа да, окуунун узактыгы жана контракттын кымбаттыгы аны башка багыт издөөгө мажбур кылат. Ошол учурда мектептеги олимпиадаларга чогуу барган эжелеринин биринен «Манас» университетинин заманбап шарттары, жатаканасы жана берилүүчү стипендиялары тууралуу угуп, бул окуу жайга болгон кызыгуусу ойгонот.
Үйдүн улуу кызы болгондуктан, ата-энесин кыйнабайын деп бюджеттик негизде окууну максат кылган Мээрим, өз күчү менен тесттен өтүп, коммуникация факультетинин радио, телевидение жана кино бөлүмүнө кабыл алынат. «Башкалардан айырмаланып, «Манастын» билим базасынан сырткары өзүнүн өзгөчө бир аурасы бар. Мугалимдердин таалим-тарбиясы, окуу жайдын эркин атмосферасы сонун. Окутуучулардын да, студенттердин да баалуулуктары такыр башкача», - деп эскерет ал.
Окууга киргенден кийин Мээримдин кино жаатына болгон шыгы ойгонуп, студенттик кезден тарта эле тасмаларды жарата баштайт. Айрыкча, анын бөлүмүндө практикалык иштерге өзгөчө басым жасалгандыктан, ал 1–2-курста эле сабактарынын алкагында кинолорду тартып, эл аралык жана жергиликтүү сынактарга катыша баштаган. Анын алгачкы эмгектери байгелүү орундарды багындырып, өзүн режиссёр катары көрсөтүүгө жол ачкан. Улам курсу жогорулаган сайын кесибине болгон кызыгуусу артып, дипломдук иши өзгөчө ийгиликке жеткен. Дипломдук иши катары тартылган «Бакыт» кыска метраждуу фильми көптөгөн чет элдик фестивалдарга катышуу мүмкүнчүлүгүн берген. Бул чыгармачылык ийгиликтин арты менен Мээрим кошуна өлкөлөрдөн сырткары Франция, Германия, Чехия сыяктуу Европа мамлекеттерин ошондой эле Түркия жана Орусияны кыдырып, кесиптик тажрыйбасын арттырып, дүйнө таанымын кеңейткен.
Кино талаасынан журналистиканын босогосуна карай
Мээримдин кесиптик жолу 4-курста окуп жүргөндө эле башталган. Окуу программасындагы тиешелүү кредиттерин толтуруп, сабактарын эрте бүтүргөндүктөн, бош убактысын ар кандай медиа компанияларда иштөөгө жумшаган. Окууну аяктап жатканда «Кыргызфильмден» сунуш түшүп, алгачкы кадамын ассистент-режиссёр жана гримёр катары баштайт. Раматылык Байыш Исманов сыяктуу чеберлер менен иштешип, Темир Бирназаровдун «Түнкү кырсык» тасмасынын командасында чоң тажрыйба топтойт. Бул анын чоң кино майданындагы алгачкы эмгектери болуп саналат.
Бирок кино тармагындагы каражаттын жана долбоорлордун туруксуздугу аны журналистикага багыт алууга түртөт. Алгач «ТВ1» каналында, кийинчерээк «Спутник» маалымат агенттигинде иштеп, кесиптик пайдубалын бекемдейт. Анын BBCге келиши да кокусунан болгон эмес — ал буга чейин эле аталган медиа үчүн акысыз видеолорду тартып, блокторду жазып берип, өзүнүн каалоосун көрсөтүп келген. Жыйынтыгында татаал конкурстук этаптардан, англис тилиндеги маектешүүлөрдөн жана сыноо мөөнөтүнөн ийгиликтүү өтүп, дүйнөлүк деңгээлдеги медиага кошулган.
Режиссердун колундагы журналистика
“Манас” университетинин радио, телевидение жана кино бөлүмүнөн алган билими анын журналисттик ишмердүүлүгүндө, өзгөчө видеоконтент жаратууда абдан жардамы тийген. Маекте каарман белгилегендей, окуу жайдан алган сценарий жазуу, ракурс тандоо жана кадр коюу чеберчилиги ага материалды нөлдөн баштап аягына чейин өз алдынча даярдоого толук мүмкүнчүлүк берет. Бул техникалык универсалдуулук анын BBC сыяктуу дүйнөлүк медиада иштеп жатканда башка оператор же монтажёрлордон көз каранды болбошуна шарт түзөт.
Студенттик кезден тарта эле практикалык иштердин көптүгү жана тасмаларды жаратуу тажрыйбасы анын видео материалдарынын визуалдык сапатын жогорулаткан. Кинодогу кадрдын тилин, анын иретүүлүгүн жана көрүүчүгө болгон таасирин терең түшүнгөндүктөн, Мээрим жөнөкөй маалыматты да визуалдык жактан мазмундуу жана профессионалдуу деңгээлде бере алат. Мына ушул кино жаатындагы бекем база азыркы мультимедиалык журналистикада анын алдыга озуп чыгуусуна жана окуяларды документалдык стилде, терең чагылдыруусуна негизги өзөк болгон.
«BBCнин берген аброю да, жоопкерчилиги да чоң»
Учурда Мээрим BBCнин кыргыз кызматындагы «санарип журналист» (digital journalist). Башкача айтканда, окуяны өзү таап, өзү тартып, монтаждап жана текстин жаза алган, эч кимге көз каранды эмес универсал адис. «Мен эч кимден көз каранды эмесмин. Бардык процессти өзүм кылам жана мындай адистер азыр трендде», - дейт ал.
Анын айтымында, журналистиканын башкы мыйзамы - бейтараптуулук жана фактылардын тактыгы.
BBC эл аралык медиа болгондуктан, бардык маселе-көйгөйлөр ички стандарттарга ылайык чагылдырылышы керек. BBCдеги иштин тартиби өтө жоопкерчиликтүү жана опурталдуу. Догдурбек кызынын айтымында, иште эле эмес, кабарчылар атүгүл социалдык тармактарда да жеке пикирин билдирүүдө этият болушу керек, анткени алардын ар бир сөзү бүтүндөй корпорациянын позициясы катары кабыл алынышы мүмкүн. Мээримдин айтымында, журналистиканын милдети – маалыматты так жеткирүү жана экинчи тараптын үнүн сөзсүз кошо берүү.
«Жакындарыңдын колдоосу чечүүчү рол ойнойт»
Мээрим үчүн карьера менен үй-бүлөнү чогуу алып кетүү бул жөн гана эки ишти катар аткаруу эмес, бул чоң эркти, сабырдуулукту жана жакындардын бекем колдоосун талап кылган татаал процесс. Ал 27 жашында аң-сезимдүү түрдө үй-бүлө куруп, декреттик тыныгууга да өз каалоосу менен чыккан. Бирок Мээрим эки балалуу болгондон кийин, эки жарым жылдык тыныгуудан соң жумушка кайтып келүү оңой болбогонун ачык айтат.
«Декреттен кийин мурдагы калыпка түшүү, жумуштун ыргагына көнүү аябай кыйын болду. Колуңда эки кичинекей балаң бар, ошол эле учурда өзүңдү башкалардан артта калып жаткандай сезесиң», - дейт Мээрим. Мына ушундай кризистик учурда жолдошунун колдоосу ага экинчи дем берген. Анын «балдарды мен каралашам, сен өзүңдү өнүктүр, иште» деген сөздөрү Мээрим үчүн эң чоң стимул жана ишенимдин белгиси болду.
Мээрим коомдогу «идеалдуу аял» же «идеалдуу эне» деген стереотиптерге сын көз менен карайт. Анын пикиринде, бардык нерсеге бирдей жетишкен идеалдуу адам жок. «Жумушта ийгиликке жетишиң мүмкүн, бирок ошол күнү үйдө тамак жасалбай, кир жуулбай же үй жыйналбай калышы мүмкүн. Бул - кадимки көрүнүш, биз пендебиз. Баарын идеалдуу кылам деп өзүңдү кыйноонун кереги жок», - деп айтат каарманыбыз.
Эң негизгиси - үй-бүлөдөгү өз ара сый-урмат жана ар бир адамдын тандоо укугу. Өзүн толугу менен балдарына арнаган айымдардын да, карьерасын биринчи орунга койгондордун да чечими бирдей сыйга татыктуу. Жумушта да, үйдө да балансты сактоого болот, бул үчүн ата-энеңдин, жакындарыңдын жана жарыңдын колдоосу керек. Жолдошунун «үйдө отурганга дагы жетишесиң, сен али жашсың» деп алдыга сүрөгөнү, Мээримдин бүгүнкү күндө BBCде ийгиликтүү иштеп, ошол эле учурда мээримдүү эне, камкор жар болушунун негизги сыры.
«Масштабдуу медиалардын эшигин каккылагыла»
Мээрим Догдурбекова «Манас» университетинин билим берүү системасын жөн гана академиялык база эмес, кесипкөйлүктүн бийик деңгээлине секирик жасоочу трамплин катары баалайт. Анын пикиринде, ийгиликтүү карьера студенттик партада отурганда эле башталышы керек, андыктан ал окууну бүткүчө күтпөстөн, алдыңкы медиа мекемелердин эшигин тартынбай каккылап, өзүн сунуштоону башкы шарт катары белгилейт. «Мен колумдан бул келет, ушул ишти жасап бере алам» деп демилге көтөрүү практикалык жактан тез такшалууга жана чөйрөгө эрте аралашууга шарт түзөт. Ошону менен бирге, азыркы глобалдашкан заманда англис тилин үйрөнүү - бул тандалма эмес, милдеттүү талап. Мээрим эгер студенттик кезиндеги өзүнө жолукса, биринчи кезекте убакытты туура пайдаланып, англис тилин терең өздөштүрүүгө кеңеш бермектигин айтат, анткени бул тил дүйнөлүк маалымат мейкиндигине чыгууга жана масштабдуу долбоорлордо иштөөгө ачылган негизги дарбаза болуп саналат.
Санарип журналисттер учурдун тренддери
Заманбап журналистиканын талаптарына ылайык, бүгүнкү күндүн адиси универсалдуу «мультимедиа кабарчысы» же «санарип журналист» болууга умтулушу зарыл. Мээрим дал ушундай универсалдуулук рынокто суроо-талапты арттырарын баса белгилейт. Жаңы баштаган жаштар үчүн дагы бир маанилүү жагдай - ката кетирүүдөн же редактордун сынынан коркпоо. Каталарды оңдоо жана алардын үстүнөн иштөө гана чыныгы профессионалдык өсүүгө алып келет. Мындан сырткары, журналист ар дайым дүйнөдөгү жана өлкөдөгү окуялардан маалымдар болуп, өзүнүн жарандык позициясын калыптандыруусу керек. Мээримдин бул насааттары убакыттын ар бир көз ирмемин жаңы нерсе үйрөнүүгө жумшаган, өзгөрүүлөргө ачык жана өз ишине жоопкерчиликтүү мамиле кылган адис гана келечектин медиасында өз ордун таба аларын далилдейт.
Жаңы бийиктиктерге карай
Мээрим Догдурбекова үчүн BBCдеги ийгиликтери бул акыркы чек эмес, тескерисинче, жаңы бийиктиктерге карай жасалган ишенимдүү кадам. Анын келечектеги пландары кесиптик алкактан чыгып, масштабдуу чыгармачылык долбоорлорду камтыйт. Бүгүнкү күндө журналистика тармагында иштегенине карабастан, ал университеттен алган кино жаатындагы билимдерин колдонуп, келечекте мазмундуу документалдык жана көркөм тасмаларды жаратууну максат кылат.
Бирок Мээримдин максаттары кесиптик өсүү менен гана чектелбейт. Ал өмүрүн бир гана жумушка арнабастан, дүйнөнү таанууну самайт. Жолдошу жана эки баласы менен бирге ар кайсы өлкөлөргө саякаттап, жаңы маданияттарды көрүү жана тажрыйба топтоо – анын негизги пландарынын бири.
Мээримдин келечекке болгон көз карашында үй-бүлө баалуулугу өзгөчө орунду ээлейт. Өзү эки бир туугандын бири болуп чоңоюп, бала кезинен көп балалуу үй-бүлөлөргө суктанып, «менин да эжем же байкем болсо» деп кыялданчу. Ошол себептүү, өз балдарынын да ушундай сезимдерде калбашын каалап, келечекте көп балалуу эне болууну максат кылат.
Мээримдин басып өткөн жолу «Манас» университети берген пайдубалга таянып, энелик мээрим менен кесиптик жоопкерчиликти айкалыштыра билген заманбап кыргыз кызынын үлгүлүү баяны. Анын «буюрса, убагы келгенде жаңы чыгармаларды жаратабыз» деген ишеними алдыда дагы чоң ийгиликтер күтүп жатканынан кабар берет.
Корреспонденттер: Асылай Тороева жана Алтынай Досубекова



