Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин коммуникация факультетинин доценти, доктор, акын Гүлзада Станалиева 2026-жылдын 18–21-июнь күндөрү Ысык-Көлдө өткөн мамлекеттик жана коомдук ишмер, акын Чыныбай Турсунбековго арналган VI Поэзия фестивалынын алкагында уюштурулган «Поэзия эрөөлү» республикалык поэзия конкурсунда I орунду жеңип алды.
Конкурста Гүлзада Станалиева Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин атынан катышып, көркөм дүйнөсү, поэтикалык чеберчилиги жана чыгармаларынын мазмундук тереңдиги менен калыстар тобунун жогорку баасына татыды. Бул ийгилик университеттин илимий-чыгармачылык потенциалын жана Коммуникация факультетинин улуттук адабият менен маданияттын өнүгүшүнө кошуп жаткан салымын дагы бир жолу тастыктады.
Фестивалга Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан белгилүү жана жаш акындар катышып, чыгармачылык таймаш поэзияны өнүктүрүүгө, жаңы таланттарды таанытууга жана адабий байланыштарды чыңдоого багытталды. «Манас» университетинин өкүлдөрүнүн жеңиши окуу жайдын чыгармачылык чөйрөдөгү жетишкендиктеринин дагы бир көрүнүктүү көрсөткүчү болду.
Сынактын өзгөчөлүгү боюнча акындар жуп болуп өнөр көрсөтүштү. Чүчүкулактын негизинде Гүлзада Станалиева менен Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ага окутуучусу, белгилүү акын Алтынбек Исмаилов бир команда катары ыр окушту.
Алардын аткаруусундагы ырлардын жанрдык жана тематикалык ар түрдүүлүгү, көркөм окуу маданияты жана сахналык чеберчилиги калыстар тарабынан жогору бааланып, жыйынтыгында команда баш байгеге тете I орунга ээ болду.
Фестивалга катышкан акындардын чыгармалары Казакстанда жарык көргөн «Үч коңур» эл аралык адабий басылмасында жарыяланат. Бул фестивалдын катышуучулары үчүн чыгармачылыкты эл аралык деңгээлде жайылтууга мүмкүнчүлүк түзүп, кыргыз поэзиясынын чет өлкөлөрдө таанылышына салым кошот.
Мамлекеттик жана коомдук ишмер, акын, котормочу Чыныбай Турсунбековдун жаркын элесине арналган поэзия фестивалын анын жубайы Нуржан Тентимишова быйыл алтынчы жолу уюштурду.
Чыныбай Турсунбеков Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V жана VI чакырылыштарынын депутаты болуп, 2016–2017-жылдары Жогорку Кеңештин Төрагасы кызматын аркалаган.
Ошондой эле Чыныбай Турсунбеков түрк дүйнөсүндөгү адабий байланыштарды курган акын болгон. Ал кыргыз окурмандарына Орхан Вели Канык, Мехмед Эмин Юрдакул, Мехмет Акиф Эрсой, Яхя Кемал Беятлы, Фарук Нафиз Чамлыбел, Ахмед Хамды Танпынар, Ариф Нихат Азия сыяктуу белгилүү түрк акындарынын ырларын, мындан тышкары казак, өзбек, түркмөн акындарынын чыгармаларын которуп тартуулаган.
2020-жылы дүйнөдөн өткөндөн кийин анын ысымын түбөлүккө калтыруу максатында Чыныбай Турсунбеков атындагы коомдук фонд түзүлгөн. Фонд жаш акындарды жана жазуучуларды колдогон поэзия фестивалын жыл сайын өткөрүп, адабий сыйлыктарды уюштуруп келет.
Мындан тышкары фестивалдын алкагында мектеп окуучулары үчүн көркөм окуу сынактары, мугалимдер үчүн семинарлар уюштурулуп, иш-чара адабиятты гана эмес, билим берүү тармагын өнүктүрүүгө да өз салымын кошуп келет.
Чыныбай Турсунбеков атындагы коомдук фонд тарабынан уюштурулган бул фестиваль кыргыз поэзиясын өнүктүрүүгө салым кошкон таланттуу акындарды колдоо жана жаңы ысымдарды коомчулукка таанытуу максатын көздөйт.
Жыл сайын фестивалга жүзгө чукул жаш акын катышып, алардын ичинен беш финалист тандалып алынат. Финалисттер сахнада өз ырларын аткарып, чыгармачылыгын калыстар тобунун сынына сунушташат.
Буга чейин фестивалдын жеңүүчүлөрү акчалай сыйлыкка ээ болуп, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзуна мүчөлүккө сунушталып келген. Ал эми быйыл баш байгени жеңген жаш акын Толгонай Сариева дүйнөлүк поэзия фестивалына катышууга жолдомо алды.



