Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Коммуникация факультетинин Радио, телевидение жана кино бөлүмүнүн окутуучусу, режиссёр Наргиза Маматкулова 22–28-сентябрь күндөрү Кемин районунун Ашу айылында өткөн «Post Space» эл аралык кино лагерине катышты. Иш-чарага аталган бөлүмдүн ар кайсы жылдардагы бүтүрүүчүлөрү да катышып, кино тартуу, чыгармачыл долбоорлорду өнүктүрүү жана тасмаларды эл аралык фестивалдарга даярдоо боюнча тажрыйба топтошту.
Кино лагерь Кыргыз Республикасынын Кинематография департаментинин, Кинематографисттер союзунун жана Кинематографияны өнүктүрүү фондунун колдоосу менен уюштурулду. Ага Борбор Азия өлкөлөрүнөн режиссёрлор, продюсерлер, кино сынчылары жана эл аралык кинофестивалдардын өкүлдөрү чогулду.
Наргиза Маматкулова лагерге Кинематография департаменти тарабынан берилген атайын стипендиянын негизинде катышты.
Эл аралык фестивалдарга даярдык талкууланды
Лагердин программасында тасмалардын көрсөтүлүшү, мастер-класстар, чыгармачыл долбоорлорду талкуулоо жана кино тармагындагы адистер менен жолугушуулар уюштурулду. Катышуучулар өз тасмаларын эл аралык аудиторияга чыгаруунун жолдорун талкуулашты.
Канн, Берлин, Гонконг жана Бусан кинофестивалдарынын өкүлдөрү менен болгон жолугушууларда тасмаларды тандоо критерийлери, фестивалдарга арыз берүү тартиби жана ар бир долбоорго ылайыктуу фестивалды тандоо маселелери каралды.
Ошондой эле режиссёрлор тасмаларын эл аралык аудиторияга сунуштоодо өздөрүнүн чыгармачылык өзгөчөлүгүн сактап калуусу тууралуу пикирлер айтылды. Катышуучулар долбоорлорун фестивалдардын талаптарынын негизинде талдап, ар кайсы өлкөлөрдөн келген кино адистери менен түз байланыш түзүүгө мүмкүнчүлүк алышты.
Кесиптик тажрыйбаны студенттерге өткөрүп берүүнүн мааниси белгиленди
Наргиза Маматкулова лагерде кино өндүрүшү жана фестивалдарга катышуу боюнча жаңы ыкмаларды кесиптештери жана эл аралык адистер менен талкуулоо маанилүү болгонун белгиледи. Ал иш-чарада алган тажрыйбасын студенттердин сценарий жазуу, режиссёрдук жана тасма иштеп чыгуу иштерине колдонууга ниеттенип жатканын айтты. Анын белгилешинче, долбоорлорду талкуулоодо айтылган ар түрдүү көз караштар студенттердин өзүнө таандык кино тилин калыптандыруусуна жардам берет.
Маматкулова тасма даяр болгондон кийин ага ылайыктуу фестивалды туура тандоо, арыз берүү талаптарын сактоо жана режиссёрдун чыгармачылык позициясын так көрсөтүү маанилүү экенине токтолду. Ал студенттердин эмгектерин эл аралык аянтчаларга даярдоодо ушул маселелерге көбүрөөк көңүл бурууну көздөөрүн билдирди.
Лагерде түзүлгөн кесиптик байланыштар келечекте тажрыйба алмашууга жана биргелешкен чыгармачыл долбоорлорду ишке ашырууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүшү мүмкүн.
Ар кайсы жылдардагы бүтүрүүчүлөрдү бириктирген кесиптик аянтча
«Post Space» эл аралык кино лагерине КТМУнун радио, телевидение жана кино бөлүмүнүн ар кайсы жылдардагы бүтүрүүчүлөрү Азамат Сатыбалдиев, Акмарал Асанканова, Тыныстан Темиржан, Төлөмүш Жаныбеков, Айдай Дүйшөнкул кызы жана Назгүл Өмүржанова да катышты. Иш-чара КТМУда алган кесиптик билимдерин кино тармагында улантып жаткан окутуучу менен бүтүрүүчүлөрдүн бир аянтчада жолугушуп, тажрыйба бөлүшүүсүнө мүмкүнчүлүк түздү.




