2026-10-02

КОММУНИКАЦИЯ ФАКУЛЬТЕТИНИН СТУДЕНТТИК КЕҢЕШИНИН БӨЛҮМ ӨКҮЛДӨРҮН ШАЙЛОО


Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Коммуникация факультетинин Студенттик кеңешинин алкагында өткөрүлө турган Бөлүм өкүлдөрүн шайлоо 2026-жылдын 13-октябрында өткөрүлөт.

Факультетте билим алып жаткан студенттердин катышуусунда өткөрүлө турган шайлоодо студенттер өз бөлүмдөрүнүн атынан иш алып бара турган Бөлүм студенттик өкүлүн шайлашат.

Шайлоо тууралуу маалымат

Күнү: 2026-жылдын 13-октябры
Убактысы: 12:00
Өткөрүлө турган жери: Коммуникация факультети, А-203 аудиториясы

Шайлоого Коммуникация факультетинде билим алып жаткан бардык студенттердин катышуусу зарыл.

Талапкерликке арыз берүү

Студенттик өкүлчүлүк шайлоосуна талапкер болууну каалаган студенттер 2026-жылдын 5–9-октябрь күндөрү, 9-октябрь 2026-жылы саат 17:00гө чейин тиешелүү бөлүм боюнча жооптуу окутуучуга кайрылып, талапкерликке арыз бериши керек.

Талапкерликке арыздар төмөнкү тартипте кабыл алынат:

  • Журналистика (GZT) бөлүмүнүн студенттери:
    Кенже илимий кызматкер, Phd. Зеки ОКЯЙ - +996 555 645 449
    İLEF-215-кабинет
  • Коомчулук менен байланыш жана жарнама (HİR) бөлүмүнүн студенттери:
    Ага окутуучу Каныбек ӨМҮРБЕКОВ - +996 706 120 511
    İLEF-217-кабинет
  • Радио, телевидение жана кино (RTS) бөлүмүнүн студенттери:
    Кенже илимий кызматкер, Phd. Жамила АБДЫМАЛИКОВА - +996 555 007 793
    İLEF-304-кабинет

Студенттик кеңештин шайлоолорунун тартиптүү жана демократиялык негизде өткөрүлүшүн камсыз кылуу максатында бардык студенттерден шайлоо процессине жоопкерчилик менен мамиле кылуусу жана талапкерликке арыздарын белгиленген мөөнөттө тапшыруусу өтүнүлөт.

Коммуникация факультетинин деканаты