2026-10-16

Ош мамлекеттик университетинин окутуучулары КТМУда коммуникация жана билим берүү тармагындагы тажрыйбалары менен бөлүштү


Кыргыз-Түрк «Манас» университети (КТМУ) менен Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) ортосундагы академиялык мобилдүүлүк жана кызматташтыктын алкагында ОшМУнун окутуучулары 13-октябрда КТМУнун Коммуникация факультетинин студенттери менен жолугушту. Семинарларда социалдык тармактардагы жаңылык тексттеринин өзгөчөлүктөрү, коммуникациянын лингвистикалык аспектилери жана билим берүүдөгү заманбап тенденциялар талкууланды.

Социалдык тармактардагы жаңылыктардын тили жана коммуникациянын лингвистикалык аспектилери каралды

ОшМУнун Коомчулук менен байланыштар жана жаштар саясаты боюнча проректору, доцент Нуржамал Мапаева социалдык тармактарда жаңылык форматында сунушталган тексттердин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди. Мапаева ошондой эле Ош мамлекеттик университетинин өнүгүү модели жана келечекке багытталган стратегиялык максаттары тууралуу презентация жасады.

ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин Филологиялык билим берүү технологиялары кафедрасынын башчысы, доцент Бактыгүл Байтикова коммуникациянын лингвистикалык аспектилерине басым жасаган лекция окуду. Лекция студенттерге коммуникация процесстерин тилдин колдонулушу жагынан баалоого мүмкүнчүлүк берди.

Билим берүүдөгү заманбап тенденциялар студенттер менен талкууланды

ОшМУнун Кесиптик квалификацияны жогорулатуу институтунун директору, доцент Ташболот Жороев XXI кылымдагы билим берүү тармагындагы тенденциялар жана багыттар боюнча баа берди. Презентациядан кийин Жороев студенттердин суроолоруна жооп берип, тема боюнча билими жана тажрыйбасы менен бөлүштү.

Студенттерди башка университеттин академиялык тажрыйбасы менен тааныштырган программада эки окуу жайдын ортосунда өз ара билим жана тажрыйба алмашууну улантуунун маанилүүлүгү баса белгиленди. Жолугушууда академиялык мобилдүүлүк жана кызматташтык иштерин улантуу боюнча пикирлер айтылды.