2026-жылдын 22–24-октябрь күндөрү Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде коммуникация жана искусство багытындагы илимий чөйрөнү бириктирген масштабдуу «VI Эл аралык Түрк дүйнөсү коммуникация жана искусство симпозиуму» өткөрүлөт.
Буга чейин алгачкы жолу 2019-жылы Амасья университетинин колдоосу менен «Пресса» багытында башталган бул иш-чара кийинчерээк кеңейтилип, Нигде Өмер Халисдемир университетинин координаторлугу астында Түрк дүйнөсүнүн коммуникация жана искусство тармактарын толук камтыган эл аралык деңгээлге көтөрүлгөн. Симпозиум буга чейин Түркия, Азербайджан (Баку), Өзбекстан (Ташкент) жана Казакстанда (Алматы) ийгиликтүү өткөрүлгөн болсо, кезектеги VI жыйын Бишкек шаарында уюштурулууда.
Уюштуруучулар:
Колдоо көрсөткөн мекемелер:
Ошондой эле симпозиумга Баку мамлекеттик университети, Азербайжан мамлекеттик маданият жана өнөр университети, аль-Фараби атындагы Казак улуттук университети, Т. Жүргенов атындагы Казак улуттук искусство академиясы, Өзбекстан мамлекеттик искусство жана маданият институту, Өзбекстан журналистика жана маалымат каражаттары университети баштаган дүйнөнүн жана Түрк дүйнөсүнүн алдыңкы жогорку окуу жайлары менен уюмдары түздөн-түз колдоо көрсөтүүдө.
Симпозиумдун негизги максаты — Түрк дүйнөсүндө коммуникация жана искусство тармактары боюнча актуалдуу илимий маселелерди талкуулоо, тажрыйба алмашуу, биргелешкен изилдөө ыкмаларын иштеп чыгуу, актуалдуу көйгөйлөрдү аныктоо жана келечектеги биргелешкен долбоорлор үчүн бекем негиз түзүү.
Иш-чаранын алкагында Түрк дүйнөсү журналисттер федерациясы тарабынан жыл сайын уюштурулуп келген «XI Түрк дүйнөсүнүн даректүү тасмалар фестивалынын» алкагында Кыргызстандын даректүү тасмаларынын көрсөтүүлөрү да өткөрүлөт.