2026-10-22

КТМУда VI Эл аралык Түрк дүйнөсүнүн коммуникация жана искусство симпозиуму башталды


Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин (КТМУ) жетекчилиги алдында уюштурулган VI Эл аралык Түрк дүйнөсүнүн коммуникация жана искусство симпозиуму 22-октябрда Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында өткөн ачылыш аземи менен башталды. Эки күнгө созулган иш-чара ар кайсы өлкөлөрдөн келген окумуштууларды, журналисттерди жана маданият-искусство тармагынын өкүлдөрүн бир аянтчага чогултту.

Симпозиумга Кыргызстан, Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Түндүк Кипр Түрк Республикасы жана Россиядан келген окумуштуу, изилдөөчүлөр катышууда. Иш-чаранын алкагында коммуникация технологияларындагы өзгөрүүлөр жана Түрк дүйнөсүнүн орток маданий мурасы тармактар аралык ыкманын негизинде талкууланууда.

Элчи М. М. К. Өкем: «Орток максаттарга жетүү үчүн тил, ой жүгүртүү жана иш-аракет биримдигин бекемдөө зарыл»

Түркия Республикасынын Бишкектеги элчиси Мекин Мустафа Кемал Өкем түрк мамлекеттеринин ортосундагы мамилелер саясий жана экономикалык кызматташтык менен гана чектелбестен, транспорттук жана логистикалык байланыштарды да камтый турганын белгиледи.

Орток максаттарга жетүүдө коомдор ортосундагы байланыштын жана өз ара түшүнүшүүнүн маанилүүлүгүнө токтолгон Өкем Түрк дүйнөсүндө тил, ой жүгүртүү жана иш-аракет биримдигин бекемдөө зарылдыгын айтты.

Ректор А. Жейлан: «Илимий жолугушуулар туруктуу академиялык байланыштарга айланышы керек» 

КТМУнун ректору, проф. др. Алпаслан Жейлан эл аралык симпозиумдар ар кайсы өлкөлөрдүн изилдөөчүлөрүнүн ортосунда узак мөөнөттүү академиялык байланыштарды түзүүгө өбөлгө болорун белгиледи. Анын айтымында, университет Түрк дүйнөсүндөгү илимий алакаларды чыңдоого жана биргелешкен изилдөөлөрдү өнүктүрүүгө багытталган жолугушууларды өткөрүп келет.

А. Жейлан октябрь айында КТМУда өткөн төрт эл аралык симпозиумга жалпысынан 500гө жакын окумуштуу жана министрликтердин 100дөн ашуун өкүлү менен мамлекеттик кызматкер катышканын маалымдады. Ал бул иш-чаралардын алкагында түзүлгөн байланыштарды биргелешкен илимий иштер аркылуу улантуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Профессор Б. Йылдырым: «Түрк дүйнөсү санариптик өзгөрүүлөргө өзүнүн руханий жана маданий байлыгы менен катышышы керек» 

КТМУнун коммуникация факультетинин деканы, проф. др. Бесим Йылдырым санариптик платформалар, жасалма интеллект жана алгоритмдер маалыматты жаратуу жана жайылтуу жолдорун түп-тамырынан өзгөртүп жатканын белгиледи. Ал платформалык капитализмдин медиага тийгизген таасирине көңүл буруп, технологиялык өнүгүү жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачуу менен катар көз карандылык жана башка көйгөйлөрдү да жаратып жатканын, ошондуктан бул маселелер ар тараптуу талкууланышы керектигин айтты.

Б. Йылдырым Түрк дүйнөсү бул өзгөрүүлөргө өзүнүн тилдик жана маданий байлыгын сактоо менен жигердүү катышуусу зарыл экенин белгиледи. Ошондой эле биргелешкен илимий изилдөөлөр жана эмгектер эл аралык билим мейкиндигинде Түрк дүйнөсүнүн ордун бекемдөөгө салым кошорун баса белгиледи.

Мендерес Демир: «Маданий тилектештик биргелешкен долбоорлор аркылуу бекемделиши керек» 

Түрк дүйнөсүнүн журналисттер федерациясынын төрагасы Мендерес Демир түрк элдеринин ортосундагы тилектештик коммуникация, маданият жана искусство тармактарындагы конкреттүү кызматташтык аркылуу бекемделиши керектигин билдирди.

Ал университеттердин, кесиптик уюмдардын жана маданий мекемелердин биргелешип иш алып баруусу тажрыйба алмашууну кеңейтүүгө өбөлгө түзөрүн белгилеп, эл аралык илимий жыйындар жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ыңгайлуу шарт түзөрүн айтты.

Профессор З. Авшар: «Маданий чыгармачылык эл аралык алакалардын чөйрөсүн кеңейтет» 

Симпозиумдун чакырылган баяндамачысы, проф. др. Б. Закир Авшар эл аралык мамилелердеги «акылдуу күч» түшүнүгүнө жана маданий дипломатиянын ролуна токтолду. Ал түрк сериалдарынын, кино өнөрүнүн жана гастрономиянын Түркиянын маданий таанымалдыгын арттырууга, туризмин өнүктүрүүгө жана экономикасына салым кошууга тийгизген таасирин талдап берди.

Б. З. Авшардын айтымында, маданий өнүмдөрдүн эл аралык мейкиндикте жайылышы түрк тилине жана маданиятына болгон кызыгууну күчөтөт. Ал искусство менен тилдин элдердин ортосундагы байланышты чыңдоодо жана өз ара түшүнүшүүнү тереңдетүүдө маанилүү роль ойной турганын белгиледи.

24 секцияда жасалма интеллект, маданий эс тутум жана коомдук дипломатия талкууланат

22–23-октябрда өтүп жаткан симпозиумдун программасы 24 секция жана 121 илимий баяндаманы камтыйт. Секциялык жыйындар КТМУда жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде бетме-бет, ал эми Нийде Өмер Халисдемир университетинин коммуникация факультетинин координациясы менен онлайн форматта өткөрүлүүдө.

Программанын алкагында генеративдик жасалма интеллекттин коммуникация тармагында колдонулушу, жалган маалыматтарга жана дипфейк материалдарга каршы күрөшүү, журналистиканын санариптик өзгөрүүсү жана платформалардын маалымат таратууга тийгизген таасири талкууланууда.

Кино, искусство жана маданий эс тутум багыттарында Чыңгыз Айтматовдун адабий мурасы, түрк элдеринин этномаданий баалуулуктары, экологиялык кино жана визуалдык искусство маселелери каралууда. Ал эми коомдук дипломатияга жана медиа экосистемасына арналган секцияларда маданий байланыштар, коммуникациялык стратегиялар жана биргелешкен билим өндүрүү маселелерине көңүл бурулууда.

Даректүү кино жаатындагы ийгиликтер ачылыш аземинде белгиленди

Ачылыш аземинде XI Түрк дүйнөсүнүн даректүү фильмдер фестивалында сыйлыктарга ээ болгон кыргызстандык режиссёрлордун жана КТМУнун студенттеринин ийгиликтерине да көңүл бурулду.

Сабина Кадырованын режиссёрлугу астында тартылган «Карыя жана искусство» («Yaşlı Adam ve Sanat») тасмасы «Түрк тектүү элдердин маданияты жана искусствосу» сыйлыгына ээ болду. Ал эми Кулпунай Бактыбай кызынын «Сапар» («Yolculuk») аттуу тасмасы «Студенттик калыстар тобунун мыкты тасмасы» деп табылды.

Тынай Ибраимовдун «21 километр» аттуу даректүү тасмасы болсо «Түрк мамлекеттер уюмунун заманбап туризм алкагы» атайын сыйлыгына татыды.

Илимге, маданиятка жана мамлекеттик кызматка кошкон салымы үчүн сыйлыктар тапшырылды

Түрк дүйнөсүнүн журналисттер федерациясынын төрагасы Мендерес Демир Түрк дүйнөсүндөгү илимий жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн КТМУнун ректору, проф. др. Алпаслан Жейланга ыраазычылык тактасын тапшырды. Ошондой эле проф. др. Б. Закир Авшарга маданият жана искусство тармагына кошкон салымы үчүн ыраазычылык тактасы берилди.

Федерация тарабынан быйыл алгачкы жолу ыйгарылган «Түрк дүйнөсүнө кызмат» сыйлыктарынын алкагында ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев «Түрк дүйнөсүндөгү маданият жана искусство жаатындагы жетишкендиктери үчүн» сыйлыкка татыктуу болду. С. Раев Венгрияда жүргөндүгүнө байланыштуу аземге катыша алган жок. Ага сыйлыкты кийинчерээк ТҮРКСОЙдун башкы кеңсесинде тапшыруу пландалууда.

Ал эми «Түрк дүйнөсүнүн ийгиликтүү мамлекеттик кызматкери» сыйлыгы Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасынын башкы кеңешчиси, доцент, доктор Шереф Ибага ыйгарылды.

Симпозиум 23-октябрда бетме-бет жана онлайн форматтагы илимий секциялык жыйындар менен уланат.