2026-10-27

КТМУнун коммуникация факультетинде жаңы студенттер кесиптик билим алуу мүмкүнчүлүктөрү менен таанышты


Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин (КТМУ) коммуникация факультетинде уюштурулган тааныштыруу программасында биринчи курстун студенттери бөлүмдөрдүн окуу мазмуну, практикалык мүмкүнчүлүктөрү жана кесиптик багыттары тууралуу маалымат алышты. Академиялык курамдын жана жогорку курстардын студенттеринин катышуусунда өткөн иш-чарада КТМУнун журналистика бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү, иликтөөчү журналист Асел Шамилова да кесиптик тажрыйбасы менен бөлүшүп, студенттерди биринчи курстан тартып эле практикалык тажрыйба топтоого чакырды.

Доц.м.а  Венера Наринованын уюштуруусу менен өткөн программанын ачылышында доц.др. Гүлзада Станалиева сөз сүйлөп, факультеттин студенттеринин академиялык жана кесиптик жетишкендиктерине токтолду. Ал президенттик стипендияга ээ болгон, эл аралык сынактарда жана фестивалдарда сыйлыктарды жеңип алган студенттердин иштеринен мисалдарды келтирип, жаңы студенттерди алдыга максат коюуга жана университеттеги мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдаланууга үндөдү.

Жогорку курстун студенттери бөлүмдөрдөгү окуу тажрыйбасы менен бөлүштү

Программанын жүрүшүндө журналистика, радио, телевидение жана кино, ошондой эле коом менен байланыш жана жарнама бөлүмдөрү жогорку курстун студенттеринин презентациялары аркылуу тааныштырылды.

Журналистика бөлүмүнүн төртүнчү курсунун студенти Асылай Тороева сабактардын мазмуну, практикалык окутуу жана бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишмердүүлүк багыттары тууралуу маалымат берди. Теориялык билимди практика менен айкалыштыруунун маанисин белгилеген А.Тороева жаңы студенттерди жогорку курстун студенттери менен байланыш түзүүгө чакырып, окуу учурунда кездешкен кыйынчылыктар боюнча өз тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр экенин билдирди.

Радио, телевидение жана киноискусство бөлүмүнүн студенттери Жамал Жоромырзаева менен Шайыргүл Жанибек кызы бөлүмдө окутулган багыттар жана чыгармачыл долбоорлор тууралуу айтып беришти. Студенттердин сынактардагы жана фестивалдардагы жетишкендиктерине токтолуп, жаңы студенттерге ар кандай долбоорлорго катышуу аркылуу өз жөндөмдөрүн өнүктүрүү сунушталды.

Коом менен байланыш жана жарнама бөлүмүн тааныштырган Аида Абдысатарова коммуникациялык стратегиялар, жарнамалык иштер жана санариптик платформаларды колдонуу боюнча окутуунун мазмунун түшүндүрдү. Ошондой эле бүтүрүүчүлөр иштей ала турган тармактар тууралуу маалымат берди.

Сабактарды пландаштыруу жана эл аралык мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат берилди

Студенттерге милдеттүү жана тандоо сабактары, кредиттик талаптар жана окуу планын түзүү боюнча түшүндүрмөлөр берилди. Академиялык милдеттерди биринчи курстан тартып үзгүлтүксүз аткаруу жана кесиптик максаттарды окуу процесси менен бирге калыптандыруу зарылдыгына басым жасалды.

Мындан тышкары, жергиликтүү жана эл аралык сынактарга, фестивалдарга, академиялык мобилдүүлүккө жана алмашуу программаларына катышуу мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды. Окуу жана административдик маселелер боюнча кайрылууга боло турган бөлүмдөр тууралуу да маалымат берилди. Программанын алкагында факультеттин ишмердүүлүгүн жана студенттердин чыгармачылык иштерин чагылдырган видеолор көрсөтүлдү.

Бүтүрүүчү журналист Асел Шамилова кесиптик тажрыйбаны эрте баштоого чакырды

Программанын коногу, КТМУнун журналистика бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү жана иликтөөчү журналист Асел Шамилова студенттер менен кесиптик тажрыйбасын бөлүштү. Журналисттик билимди секторго чыгуу жана практикалык тажрыйба менен толуктоо зарылдыгын белгилеген А. Шамилова студенттерди: «Практикадан өтүү үчүн төртүнчү курска чейин күтпөгүлө», — деп чакырды.

Анын айтымында, студенттер биринчи курстан тартып эле маалымат чогултуу, маек алуу жана журналисттик материалдарды даярдоо жөндөмдөрүн өнүктүрө алышат. А. Шамилова студенттерге практикалык иштен коркпоону жана жолуккан ар бир үйрөнүү мүмкүнчүлүгүн натыйжалуу пайдаланууну сунуштады.