VI Түрк дүйнөсүнүн коммуникация жана искусство эл аралык симпозиумунун экинчи күнүндө журналистикадагы маалыматтарды текшерүү, маданий мурастарды санариптик чөйрөдө сактоо, виртуалдык реалдуулук аркылуу билим берүү жана кинематографиядагы туруктуу өндүрүш маселелери талкууланды.
Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин (КТМУ) базасында уюштурулган VI Түрк дүйнөсүнүн коммуникация жана искусство эл аралык симпозиумунун экинчи күнүндөгү илимий отурумдар 23-октябрда өттү. Изилдөөчүлөр санариптик технологиялардын журналистикага, билим берүүгө, маданиятка жана искусствого тийгизген таасирин ар түрдүү илимий багыттардын алкагында талкуулашты.
22–24-октябрды камтыган симпозиумга жети өлкөдөн окумуштуулар жана изилдөөчүлөр катышты. Программанын алкагында жалпы 24 отурум өткөрүлүп, 121 илимий баяндама сунушталды.
Жасалма интеллект доорунда маалыматты текшерүү жана журналисттик этика талкууланды
Чыңгыз Айтматов залындагы отурумда коомдук дипломатия, журналистикада жасалма интеллектти колдонуу, миграция жана санариптик коммуникация маселелери каралды.
Каяхан Күчүк «Түрк дүйнөсүндөгү мамилелерге негизделген коомдук дипломатия: жалпы маданияттан өз ара коммуникацияга» аттуу баяндамасында орток маданий мурастын өз ара түшүнүшүүнү жана ишенимди бекемдөөдөгү ролун талдады.
Жасалма интеллекттин журналистикага тийгизген таасирин жана жаңылыктарды текшерүү процесстерин Жанан Ийийол менен Бесим Йылдырым изилдешти. Алар Түркиядагы Teyit жана Улуу Британиядагы Full Fact платформаларынын мисалында жалган маалыматтарды аныктоо, этикалык жоопкерчилик жана ачык-айкындуулук маселелерин карашты.
Зирек Асанова Борбор Азия өлкөлөрүнөн АКШга көчүп барган адамдардын коомдук, маданий жана экономикалык чөйрөгө ыңгайлашуу процесстерин чагылдырууда блог авторлору менен медиа активисттердин ролуна көңүл бурду. Ал эми Аслыхан Доган Топчу, Локман Зор жана Сонер Эрдөңмез Түрк дүйнөсүндө санариптик коммуникацияны жеңилдетүү максатында орток коммуникациялык терминдер сөздүгүн түзүүнү сунушташты.
Санариптик аброй, жеке маалыматтарды коргоо жана климаттык коммуникация каралды
Ибрахим Шинаси залындагы отурумдарда санариптик платформалардын мекемелердин аброюна тийгизген таасири, иш-чараларды демөөрчүлүк аркылуу колдоо, санариптик коммуникациянын укуктук аспектилери жана улуттук баалуулуктарды жайылтуу маселелери талкууланды.
Роза Токсоналиева менен Нурдин Жаныбеков университеттердин санариптик платформалар аркылуу институционалдык аброюн жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу маселесин изилдешти. Р.Токсоналиева менен Айназик Эркинбекованын биргелешкен эмгегинде VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын мисалында демөөрчүлүктүн брендди таанытуудагы, мекеменин аброюн бекемдөөдөгү жана улуттук маданиятты колдоодогу ролу каралды.
Мээрим Артышева Кыргызстандагы санариптик коммуникациянын укуктук жөнгө салынышын талдап, сөз эркиндиги менен жеке маалыматтарды коргоонун ортосунда тең салмактуулукту сактоонун маанисин белгиледи. Гүлзада Станалиева «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» доктринасынын идеологиялык түшүнүктөрүн жана тилдик өзгөчөлүктөрүн изилдеди.
Бегайым Максутова менен Канышай Мухтарова мамлекеттин климаттык коммуникациясын экологиялык дипломатия жана өлкөнүн эл аралык имиджи өңүтүнөн карашты. Изилдөөдө мөңгүлөрдү жана тоо экосистемаларын коргоо, суу коопсуздугу жана эл аралык кызматташтык маселелерине басым жасалды.
Санариптик маданият платформалары жана виртуалдык реалдуулук аркылуу билим берүү тааныштырылды
Түштөн кийинки отурумдарда маданий мурастарды санариптик чөйрөдө сактоо жана жаңы технологияларды билим берүү процессинде колдонуу боюнча изилдөөлөр сунушталды.
Нурлыайым Турсунбайкызы Данаева ар түрдүү элдердин тилдерин, маданиятын жана мезгилдүү басылмаларын бир санариптик чөйрөгө бириктирүүнү көздөгөн «Ethno-Kosemsoz» платформасын тааныштырды. Долбоор маданий эс-тутумду сактоого жана муундар ортосунда маданий мурастын уланышын камсыз кылууга багытталган.
Тамара Карашева, Рита Исмаилова жана Талгар Тилекматов виртуалдык реалдуулук технологияларын билим берүү процессине киргизүү боюнча тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Изилдөөчүлөр физиканын Кирхгоф мыйзамдары сыяктуу темаларын виртуалдык реалдуулук аркылуу окутууну карап чыгып, мындай ыкмалардын студенттердин окуу материалын түшүнүүсүнө тийгизе турган таасирин баалашты.
Камила Абдымаликова «Кара-Кыргыз. Журт аталары» телесериалын критикалык дискурс-талдоо ыкмасы аркылуу изилдеди. Эмгекте улуттук биримдик, билим берүү, адилеттүүлүк жана мамлекеттик башкаруудагы жоопкерчилик түшүнүктөрүнүн сериалда чагылдырылышына көңүл бурулду.
Кинематографиянын визуалдык тили жана туруктуу өндүрүш мүмкүнчүлүктөрү изилденди
Мустафа Чокай залындагы отурумдарда кинодогу үн менен сүрөттүн өз ара байланышы, визуалдык баяндоо, даректүү журналистика жана экологиялык жоопкерчилик маселелери каралды.
Кадир Йогуртчу Жан-Люк Годардын Adieu au Langage жана Le Livre d’Image тасмаларынын негизинде үн менен сүрөттүн байланышын талдады. Марат Эргешов менен Акжол Бекболотов Курманжан Датка тасмасынын визуалдык стилин жарыктын колдонулушу жана кадрдын композициясы жагынан изилдешти.
Римма Елеманованын изилдөөлөрүндө жаштардын маданий өнүгүү багыттары, баалуулуктар системасы жана Чүй облусунда 1991–2024-жылдар аралыгында болгон маданий өзгөрүүлөр каралды. Ал эми Нихан Гидер Ышыкман Түрк дүйнөсүнүн кинематографиясында экологияга жоопкерчиликтүү жана туруктуу тасма өндүрүшүн өнүктүрүү үчүн кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн талдады.
Даректүү журналистика жана маалымат агенттиктеринин ишкердик моделдери салыштырылды
Ушул эле залдагы башка баяндамаларда The New York Times басылмасынын Op-Docs долбоору менен Azattyq Films компаниясынын даректүү тасмалары коомдук чындыкты чагылдыруу ыкмалары боюнча салыштырылды. Ошондой эле ИКА İHA жана ANKA маалымат агенттиктеринин Казакстандын медиа рыногундагы коммерциялык моделдери жана технологиялык өзгөрүүлөрү изилденди.
Дагы бир баяндамада окумуштуу К. Сатпаевдин эмгектеринде Караганда көмүр бассейнин өнүктүрүү маселелеринин чагылдырылышы талданды.
Симпозиумдун экинчи күнүндө сунушталган изилдөөлөр санариптик өзгөрүүлөрдүн технологиялык аспектилерин этика, укук, маданий мурастарды өткөрүп берүү жана экологиялык жоопкерчилик менен бирге кароого мүмкүнчүлүк берди.
Жыйынтыктоочу декларацияда маалыматты текшерүүнүн орток тармагын түзүү жана санариптик сабаттуулукту өнүктүрүү сунушталды
Түрк дүйнөсүнүн коммуникация жана искусство боюнча VI эл аралык симпозиумунун жыйынтыктоочу декларациясында коммуникация жана искусство тармактары санариптештирүү, жасалма интеллект жана орток маданий эс-тутумдун таасири астында өзгөрүп жатканы белгиленди. Жасалма интеллект чыгармачылыкка жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачканы менен, ишенимге, этикага жана оригиналдуулукка байланыштуу тобокелдиктерди да жаратып жатканына көңүл бурулду.
Журналистиканын өзгөрүп жаткан түзүмү, коомдук дипломатия, кинематография, маданий мурас жана билим берүү боюнча талкуулардын негизинде медиа, санариптик жана жасалма интеллект сабаттуулугун Түрк дүйнөсү үчүн жалпы артыкчылык катары кароо зарылдыгы белгиленди.
Декларацияда дезинформацияга жана дипфейк материалдарга каршы күрөшүү үчүн орток маалымат текшерүү жана маалымат алмашуу тармагын түзүү боюнча иштерди жүргүзүү сунушталды. Ошондой эле университеттер аралык жумушчу топтун жардамы менен орток санариптик коммуникациялык терминдер сөздүгүн иштеп чыгуу демилгеси көтөрүлдү.
Жасалма интеллектти журналистикада, жарнамада жана искусство өндүрүшүндө колдонууга байланыштуу этикалык принциптерди бирдиктүү академиялык алкакта талкуулоо зарылдыгы белгиленди. Мындан тышкары, жергиликтүү медианын санариптик өзгөрүүсүн колдоо, медиа уюмдарда гендердик теңчиликти көзөмөлдөө, кинематографиядагы биргелешкен өндүрүштөрдү жана туруктуу тасма тартуу тажрыйбаларын өнүктүрүү сунушталды.






