Үстүбүздѳгү жылдын 30-мартында университеттин «Маданият» борборунда Кыргыз Республикасынын Элартисти, белгилүү кинорежиссёр, коммуникация факультетинин ага окутуучусу Артыкпай Сүйүндүковдун «Шамбала» тасмасынын бет ачар аземи болду.
«Шамбала» тасмасы жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» повестинин негизинде 2020-жылы тартылган. Ошол эле жылы Шанхай эл аралык кинофестивалында тасманын дүйнөлүк премьерасы болгон.
Кыргызда "шам" - "жарык" дегенди билдирет. "Шамбаланын" түзмө-түз мааниси "шам" - " бала" же "жарык чачкан бала" деген маанини туюндурат.
Бет ачарга университеттин жетекчилери, жазуучу Ч.Айтматовдун бир тууган карындашы, коомдук ишмер Роза Айтматова, КТРКнын башкы директору К.Иманалиев, Түркиянын радио жана телеберүү мекемесинин башкаруу кеңешинин мүчөсү Огуз Гөксу, ошондой эле белгилүү окумуштуулар, кѳрүнүктүү коомдук жана маданият ишмерлери, журналисттер, студенттер жана чыгармачыл топ катышты.
Иш-чара «Шамбала» кѳркѳм тасмасынын таанытуу жана Артыкпай Сүйүндүков тасманы тартууга Чыңгыз Айтматовдон уруксаат алып, жазуучу батасын бергенин билдирген тасманын кѳрсѳтүлүшү менен башталды.
Анда «Бул тасманы тартуу үчүн Айтматов агабыздын көзү тирүү кезинде уруксаатын алып, аны менен талкуулап, сүйлөшкөнбүз. Ошондо тасманы башкача көз караш менен тартаарымды түшүндүргөм. Тасманы тартууга жазуучу батасын берген», - деп билдирди Сүйүндүков.
Куттуктоо сѳзүндѳ университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан тасманын режмссеру менен сыймыктанаарын билдирди: «Артыкпай Сүйүндүков окуу жайыбызды, Кыргызстанды жана Түрк дүйнөсүн дүйнөлүк абройлуу кинофестивалдарда ийгиликтүү көрсөтүп, байгелүү сыйлыктарга ээ болду. Сиздей таланттуу адам менен жалпы “Манас” университети жана бүтүндѳй Түрк дүйнѳсү сыймыктанат. Биз сизди баалайбыз жана чыгармачылыгыңызды ар дайым колдойбуз”.
Биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев Артыкпай Сүйүндүков эл аралык кинофестивалдарда Кыргызстандын атынан эң мыкты деңгээлде катышып жатканын жана бир мекемеде иштеп, замандаш болгонуна сыймыктанаарын айтып, ишине ийгилик каалады.
Куттуктоо сѳздѳрүнѳ кийин режиссердун телекоммуникация жана кино жаатындагы ийгиликтери белгиленип, университеттин жетекчилери КТМУнун 25 жылдык юбилейлик медалын тапшырды. Ошондой эле КТРКнын башкы директору Кайрат Иманалиев фильм аркылуу кыргыз эли дүйнөгө таанылып жатканын баса белгилеп, тасманын режиссеру Артыкпай Суйүндүковду “КТРКнын отличниги” тѳш белгиси менен сыйлады.
Фильм алган сыйлыктар жана номинациялар:
Куттуктоо сѳздѳрүнѳн кийин коноктор үчүн “Шамбала” тасмасы кѳрсѳтүлдү.
Медиа Манас
http://mediamanas.kg/4199-bol-dll-ambala-filminin-galas-yapld.html