2022-04-28

КТМУ "Кыргызфильм" студиясы менен кызматташуусун баштайт


2022-жылдын 28-апрелинде Кыргыз-Түрк "Манас" университети менен Төлөмүш Океев атындагы улуттук "Кыргызфильм" киностудиясынын ортосунда эки тараптуу кызматташуу боюнча макулдашууга кол коюу салтанаты болуп өттү.

КТМУнун коммуникация факультетинде өткөн иш-чарага аталган факультеттин деканы, профессор, доктор Мехмет Сезаи Түрк, "Кыргызфильм" студиясынын башкы директору Акжолтой Бекболотов, декандын орун басарлары, доцент, доктор Угур Үнал жана ага окутуучу доктор, Мээрим Артышева, журналистика бөлүмүнүн жетекчиси, доцент, доктор Эрдоган Акман, коомчулук менен байланыш жана реклама бөлүмүнүн жетекчиси, доценттин милд. атк., доктор Венера Наринова, радио-телевидение жана кино бөлүмүнүн жетекчиси, доцент Молдосейит Мамбетакунов катышты.

Коммуникация факультетинин деканы Мехмет Сезаи Түрк "Кыргызфильм" студиясы "Манас" университетине буга чейин да ар тараптуу жардам берип келгенин айтып, ыраазычылыгын билдирди. Андан сырткары, мындан аркы кызматташуу студенттердин чоң ийгиликтерди жаратуусуна көмөкчү боло тургандыгына ишенерин белгилеп өттү.

"Кыргызфильм" киностудиясынын башкы директору Акжолтой Бекболотов кол коюлуп жаткан макулдашуу бир гана КТМУ менен "Кыргызфильмдин" эмес, ошол эле учурда Кыргызстан жана Түркия мамлекеттеринин деңгээлинде зор мааниге ээ экендигин белгилеп, бул мемарандум "эки элдин достугун бекемдөөчү көпүрө" деди.

Белгилей кетсек, келишимде студенттердин "Кыргызфильмде" өндүрүштүк практикадан өтүү менен катар студиянын тасмаларынын субтитрлерин түрк тилине которууга катышышы, Түркиянын киноадистери менен бирге долбоорлорду ишке ашырууга жардам бериши тууралуу жоболор камтылды.