2022-05-10

КТМУ менен SUPER.KG порталы кызматташат


2022-жылдын 29-апрелинде Кыргыз-Түрк "Манас" университети Кыргызстандагы алдыңкы гезиттердин сап башында турган "Супер-Инфонун" сайты SUPER.KG порталы менен кызматташуу боюнча макулдашууга кол койду.

Келишимге кол коюу иш-чарасы порталдын кеңсесинде өттү. Ага КТМУнун коммуникация факультетинин деканы, профессор, доктор Мехмет Сезаи Түрк, SUPER.KG порталынын мүдүрү Гүлзада Казакбаева, "Супер-Инфо" гезитинин жетекчиси Автандил Добулбеков, декандын орун басарлары: доцент, доктор Угур Үнал жана ага окутуучу, доктор Мээрим Артышева жана журналистика бөлүмүнүн башчысы, доцент, доктор Эрдоган Акман катышышты.

Жолугушууда коммуникация факультетинин жетекчилиги SUPER.KG порталынын кызматкерлери менен таанышып, жаңы ачылган студияларын көрүп чыгышты. Ал ортодо порталдын мүдүрү Гүлзада Казакбаева "Супер-Инфо" гезити быйыл 20 жылдыгын белгилей тургандыгын айтты.

Ошондой эле жолугушууда заманбап медианын жана гезиттердин учурдагы актуалдуулугу тууралуу пикирлер айтылды.

Белгилейт кетсек, эки тараптуу макулдашууга ылайык биринчи кезекте университеттин коммуникация факультетинин студенттери аталган порталда практика өтүү мүмкүнчүлүгүнө жана ишке орношууда кесиптик талаптарга жооп берген чакта артыкчылыктарга ээ болот. Андан сырткары, КТМУ гезит жана порталдын түрк шоу-бизнес өкүлдөрү менен маек куруусуна, түрк тасмалары менен сериалдарын дубляждоо мүмкүнчүлүгүн алуусуна көмөк көрсөтөт.