2022-11-04


"Эн мыкты дипломдук иш" конкурсунда Элиза Муратбек кызы экинчи орунду ээледи


Университетибиздин коммуникация факультетинин коомчулук менен байланыш жана реклама бөлүмүнүн 2021-2022-окуу жылынын 4-курсунун студенти Элиза Муратбек кызы “Рекламадагы гендердик стереотиптерди анализдөө: Кыргызстандын мисалында” аталышындагы дипломдук иши “Эн мыкты дипломдук иш” конкурсунда экинчи орунга татыктуу болду. Аталган дипломдук иш бөлүмүбүздүн ага окутуучусу, Док. Канышай Муктарованын жетекчилигинде жазылган. Ж. Баласагын ат. Кыргыз Улуттук Университети жана «Гуров и партнеры» PR-агенттиги тарабынан уюштурулган бул конкурстун жеңүүчүлөрүнө сертификаттар менен кошо акчалай сыйлыктар да ыйгарылды.