2023-05-24


“Жарнамада инсайттарга баруу” Семинары Өткөрүлдү


Кыргыз-Түрк Манас университетинин Коммуникация факультетинин Коомчулук менен байланыштар жана жарнама бөлүмүнө Орхун алмашуу программасынын алкагында Эге университетинин Коммуникация факультетинин Жарнама бөлүмүнөн конок окутуучу катары келген доц. м.а. док. Мурат Челиктин студенттерибизге арналган семинарлары уланууда. 23-май күнү Мурат агайыбыз “Жарнамада инсайттарга баруу” деген темада семинар өткөрүп, студенттер менен интерактивдүү, кызыктуу семинарын өткөрдү.