2023-11-20


Бөлүмүбүздүн студенттери иш берүүчүлөр менен жолугушту


Коомчулук менен байланыш жана реклама бөлүмүнүн 3-курсунун студенттери 15.11.2023 күнү "Коомчулук менен байланышта кампания пландоо" сабагынын практикалык бөлүгүн мамлекеттик "Кумтөр Голд Компани" уюмунда өткөрдү. Аталган уюмдун басма сөз кызматынын жетекчиси Тимур Саралаев баш болгон кызматкерлер тармактагы өз тажырыйбалары, маалыматтар жана кеп-кеңештери менен бөлүшүштү. Жолугушууга катышкан студенттердин кызыккан арбын суроолоруна жооп берип жатып, уюмдун студенттер үчүн практика өтүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу да маалымат берилди.