2025-10-21
Кыргыз-Түрк Манас Университетинин Коммуникация факультетинин Коомчулук менен байланыш жана реклама бөлүмүндө 2025–2026-окуу жылына карата бөлүм өкүлдөрүн шайлоо 2025-жылдын 14-октябрында өткөрүлдү.
Шайлоонун жыйынтыгында Кундүз Кулубаева жана Алихан Айдарбек уулу бөлүмдүн өкүлү болуп шайланышты.
Аталган студенттер кийинки шайлоого чейин биздин бөлүмдүн студенттеринин атынан Студенттик кеңеште өкүлчүлүк кылышат.