2025-10-21
Факультетибиздин Коомчулук менен байланыш жана реклама бөлүмүнүн студенттери Саясий коммуникация сабагынын алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Коомчулук жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен иштөө бөлүмүнүн адистери менен жолугушту. Аталган бөлүмдүн кызматкерлери студенттерди өз ишмердүүлүктөрү менен тааныштырып, тажырыйба жана кеңештери менен бөлүшүштү. Студенттер кызыккан суроолоруна жооп алып, практикадан өтүү мүмкүнчүлүктөрү менен таанышып кайтышты.