2025-11-14
Коомчулук менен байланыш жана реклама, Экономика бөлүмдөрүнүн 3–4-курстун студенттери үчүн «Корпоративдик коомдук жоопкерчилик жана ESG» аталышындагы семинар өткөрүлдү. Семинарга эл аралык деңгээлдеги консультант – IFC уюмунун экономисти, консультанты, финансылык сабаттуулук жана ESG-принциптер боюнча бизнес-тренер Буажар Абдыкадырова, ошондой эле ONYX микрофинансылык компаниясынын ESG боюнча адиси Аймончок Зарипбекова чакырылды.
Семинардын жүрүшүндө туруктуу өнүгүү принциптери, ESG (Environmental, Social, Governance) концепциясынын маңызы жана анын бүгүнкү күндөгү бизнес стратегияларды түзүүдөгү ролу кеңири талкууланды. Спикерлер ESGни компаниялар үчүн кошумча талап катары эмес, корпоративдик коомдук жоопкерчиликтин жаңы жана заманбап модели катары кабыл алуунун зарылдыгын белгилешти.
Ошондой эле семинарда экологиялык жоопкерчилик, социалдык саясат жана башкаруу маданиятынын бизнеске, инвестициялык жагымдуулукка жана компаниянын узак мөөнөттүү туруктуулугуна тийгизген таасири практикалык мисалдар аркылуу түшүндүрүлдү. Студенттер ESG-принциптерин ишкердик чөйрөдө колдонуу, эл аралык тажрыйбалар жана Кыргызстандагы мүмкүнчүлүктөр боюнча суроолорун берип, активдүү талкууга катышышты.
Бул семинар студенттердин заманбап бизнес, корпоративдик башкаруу жана туруктуу өнүгүү жаатындагы билимин тереңдетүүгө өбөлгө түздү.
.jpeg)
.jpeg)