2026-02-26
2025-жылдын 15-апрелинде «MAXQDA программасында маалыматтарды талдоонун практикалык ыкмалары» аттуу тренинг ийгиликтүү өткөрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар сапаттык маалыматтарды коддоо, темаларды аныктоо жана талдоонун жыйынтыктарын визуалдаштыруу боюнча практикалык тапшырмаларды аткарышты. Тренинг изилдөө жана медиа тармагында маалыматтарды системалуу талдоонун маанисин көрсөтүп, студенттердин аналитикалык жана санариптик компетенцияларын өнүктүрүүгө салым кошту.