2026-04-07


“Манас” университетинде “Контентти башкаруу системалары” боюнча тренинг өткөрүлдү


Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин түзүмдүк бөлүмдөргө багытталган окутуунун алкагында Коммуникация факультетинде доценттин милдетин аткаруучу, PhD, Мээрим Артышева университеттин “Манас” телеканалы, “Манас” радиосу жана Басма сөз жана коом менен байланыштар  бюросунун кызматкерлери үчүн “Контентти башкаруу системалары” аттуу эки жумалык тренинг өткөрдү.

Тренингдин биринчи бөлүгүндө дүйнөдө, Кыргызстанда жана Түркиядагы санариптик чөйрөнүн статистикасы, контенттин түрлөрү жана аны жайылтуу платформалары каралды. Экинчи бөлүгүндө катышуучулар жасалма интеллекттин жардамы менен контент жаратууну үйрөнүштү: текст, идея, сценарий, фото, видео жана музыка генерациялоо, ошондой эле санариптик аватар түзүү жана маалымат издөө инструменттери боюнча практикалык билим алышты.