2026-04-16


Коом менен байланыш жана реклама бөлүмүнүн окутуучусу, доц. м.а., док. Венера Наринова тарабынан уюштурулган «Fresh Graduate: Карьераны кантип баштайбыз?» аттуу семинар өттү.


Иш-чарага Коммуникация факультетинин бүтүрүүчүлөрү, Эркеайым Курманбекова (фрилансер), Камила Акимова (Демирбанк, PR адиси) жана Бегайым Курманбекова (CCI Kyrgyzstan, корпоративдик коммуникация жана туруктуу өнүгүү бөлүмүнүн адиси) катышып, өз тажрыйбалары менен бөлүшүштү.

 

Спикерлер студенттерге окууну аяктагандан кийинки иш чөйрөсү, жумушка орношуу стратегиялары жана азыртан өздөштүрүү зарыл болгон көндүмдөр тууралуу кеңири маалымат беришти.

 

Семинар мазмундуу инсайттарга, пайдалуу маалыматтарга жана мотивацияга бай болуп, студенттер активдүү катышып, кызыгуу менен суроолорун узатышты.

 

Бөлүмдүн бүтүрүүчүлөрүнө мазмундуу жана шыктандыруучу жолугушуу үчүн терең ыраазычылык билдиребиз.

 

Семинардын аягында спикерлерге факультеттин атынан ыраазычылык баракчалары тапшырылды.