2026-04-16
2026-жылдын 16-апрелинде Коомчулук менен байланыш жана жарнама бөлүмүнүн доцентинин м.а. доктор Мээрим Артышева тарабынан уюштурулган «Социалдык медианы башкаруу» аттуу семинар болуп өттү. Семинардын спикери контент-продюсер Сезим Карыбекова болду.
Семинардын жүрүшүндө спикер социалдык медианы жүргүзүү өзгөчөлүктөрү, учурдагы тренддер жана актуалдуу контент жаратуу тууралуу маалымат берди. Ошондой эле ал өзүнүн долбоорлору менен бөлүшүп, социалдык тармактар аркылуу киреше табуу ыкмалары жөнүндө айтып берди. Семинар студенттер үчүн пайдалуу жана мотивация берүүчү форматта өттү.
.jpeg)
.jpeg)
.jpeg)