2019-01-18


“Кентавр” тасмасынын жаратуучулары Коммуникация факультетинде конокто


2018-жылдын 14-февраль күнү Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин кино залында университеттин 3-4курстарынын студенттери үчүн “Кентавр” тасмасы көрсөтүлдү.

Тасманын режиссеру, Улуттук Кино Академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын эл артисти, Республикалык “Токтогул” сыйлыгынын ээси, белгилүү кинорежиссер Актан Арым Кубат жана башкы ролдорду аткарган актриса Зарема Асаналиева менен актер Илим Калмуратов дагы конок болушту.

Жалпы иш-чаранын жүрүшүндө “Кентавр” тасмасынын идеясы, маани-маңызы талкууланып, фильмдин дүйнөлүк аренада жараткан жетишкендиктери боюнча сөз болду.

Тасмасында башкы ролду ойноп, ошол эле учурда режиссерлук милдетти аткарган автор тасманын татаалдыктар менен тартылганын айтса, башкы ролдорду аткарган актерлор фильмдеги ролдору жана сезимдери боюнча бөлүшүштү.

Айта кетсек, Актан Арым Кубат Сокулук районунун Күн-туу айылында 1957-жылы төрөлгөн. 1980-жылда “Кыргызфильм” киностудиясында көркөм тасмалардын художник декоратору, художник постановщиги катары иштеген. 1988-жылы “Бешкемпир” продакшн жеке студиясын ачкан.