2019-01-20


«Эл алдына чыгып сүйлөө” чеберчилиги боюнча семинар


2017-жылдын 1-ноябрь күнү Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетинин аудиториясында семинарөткөрүлдү. Иш-чарага белгилүү теле алып баруучу, журналист, чечендик өнөр боюнча окутуучу тренер, “БН” окутуу борборунун жетекчиси Бурулкан Нуракова чакырылган. Ал студенттерге эл алдына чыгып сүйлөөнүн сырларын, эл алдында сүрдөө, толкундануу, мукактануу, коркуу, адашуу, өзүн жоготуп жиберүү өңдүү түрдүү ыңгайсыз абалды башкаруунун жана бул абалдан чыгуунун ыкмаларын үйрөттү. Семинар баарлашуу тартибинде эркин өткөрүлдү. Түрдүү көнүгүүлөр жасалып, студенттердин кызыгуусун жаратты. Семинарга чакырылган мейман атайын даярдап келген слайд-презентациясын да тартуу кылды. Презентация өзүн-өзү башкаруу багытында жасалган. Анда студенттер коомдо өзүн татыктуу алып жүрүү, жолугушууларда, жыйындарда, расмий сүйлөшүүлөрдө денени туура башкаруу, туура жана маданияттуу отуруу, туруу, басуу, сүйлөө ыкмалары менен тааныша алды. Бул багытта Б. Нуракова атайын көнүгүүлөрдү үйрөтүп, аны тажрыйба жүзүндө сунуштады. Берилген суроолорго жооп жок учурларда абалдан кантип чыгуу керек, туура суроо берүү жолдору кандай деген суроолорго жооп алынды.