2019-01-20


“НТС” телеканалынын журналисттери Коммуникация факультетинде конокто болушту


2017-жылдын 7-декабрында кинозалда студенттердин билимин арттыруу максатында 1-2-3-курстун студенттери үчүн семинар болуп өттү.

Семинардын коноктору “НТС” телеканалынын жетекчиси Жайнак Үсөнов, атайын долбоорлор бөлүмүнүн жетекчиси Каныбек Асанкариев жана “ТВ-Кайгуул” программасынын автору, журналист Азият Жекшеев болду.

Иш-чарада “НТС” телеканалынын алып барган иштери, багыты, журналисттерине көрсөткөн коопсуздугу жөнүндө айытылды. 

Айта кетсек, мындай багыттагы семинарлар ар дайым уюштурулуп келет.