2019-01-20


“Ой ордо” программасынын алып баруучусу Алмаз Касмалиевден мастер-класс


2018-жылдын 11-апрелинде Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде КТРК каналынын “Ой ордо” программасынын алып баруучус Алмаз Касмалиевдин катышуусунда мастер-класс ишке ашырылды. Иш чара Коммуникация факультетинин Радио, телевидение жана киноискусство бөлүмүнүн 1-курстарынын студенттери үчүн уюштурулду. Иш чаранын алкагында телевидениеде ток-шоуларды даярдоонун жана теле алып баруучулуктун өзгөчөлүктөрү боюнча талкуу жүргүзүлдү жана Алмаз Касмалиев бул жааттагы тажрыйбасы менен бөлүштү.