2019-01-20


Алып Баруучулук Чеберчилик


2018-жылдын 11-майында КТМУда филология илимдеринин кандидаты, НТС телеканалынын башкы диктору, КТМУнун Коммуникация факультетинин ага окутуучусу Айнура Кабатай кызы шакирттеринин бири Коомдук Биринчи Каналдын “Ой Ордо” жана “Стратегия 2040” программаларынын алып баруучусу Мээрим Маданбекова Коммуникация факультетинин студенттерине семинар өттү.

          Семинардын алдында Айнура Кабатай кызы “Алып баруучулук чеберчилик” боюнча кыскача презентация жасап андан соң семинарга келген мейманды – Коомдук Биринчи Каналдын “Ой Ордо” программасынын алып баруучусу Мээрим Маданбекованы –  аудиторияга тааныштырып ага сөз узатты. 

Мээрим Маданбекова телевидениеге алып баруучу болуп келип калганына Айнура Кабатай кызынын ролу чоң экендигин баса белгилеп, устатынын берген билими, кеңештери, өзгөчө кеп техникасы боюнча сабактары алып баруучулук кесипте зор маанигээ ээ экендигин айтып ага кеңири токтоло кетти. Туура, диафрагма менен дем алуу, интонациянын, үндүн, дикция жана азыркы кыргыз тилинин орфоэпиялык нормаларын өздөштүрүү алып баруучу, деги эле эл алдында чыгып сүйлөп жүргөн кишилер үчүн мейли журналист, мугалим, адвокат же саясатчы болсун ийгиликтин бирден бир ачкычы экендигин белгилеп кетти.

          Семинардын жүрүшүндө Мээрим Маданбекова телевидениедеги алгачкы кадамдарын ON1 каналында “Жанылыктар” программасынын алып баруучусу болуп баштагандыгын айтып, маалыматтык менен ток-шоу жанрындагы программалардын айырмачылыктарына жана алардагы алып баруучунун функция жана кандай сапаттарга ээ болуш керектигине токтоло кетти. Андан соң Маданбекова студенттердин кызыккан суроолоруна жооп берип семинарды жыйынтыктады.