2019-03-06


Кыргызстандын белгилүү айым режиссерлору менен Коммуникация факультетинде мастер-класс


2019 жылдын 12-мартында Коммуникация факультетинде Кыргызстандын белгилүү режиссерлору Асель Жураева жана Наргиза Маматкулова коноко келет. Иш чаранын алкагында Наргиза Маматкулованын жана Асель Жураеванын кыска метраждуу тасмалары көрсөтүлөт жана студенттер менен пикир алмашуу жүзөгө ашырылат. Режиссерлордун фильм жаратуу жаатында болуп жаткан тенденциялар боюнча ой бөлүшүп, фильм тартуу аянттарында болгон тажрыйбасы боюнча кеңири маалымат беришет. Иш чара 12-мартта саат 14:00 Коммуникация факультетинин Кинозалында өткөрүлөт. Каалоочулар үчүн эшигибиз ачык.

Асель Жураева

 

Наргиза Маматкулова