2019-03-11


«БИР ДҮЙНӨ» кинофестивалынын алкагында "Манас" университетинде мастер класс


2018-жылдын 14-ноябрь күнү Манас университетинин Коммуникация факультетинин кинозалында болочок режиссер жана кинооператорлор үчүн мастер-класс өткөрүлдү. Мастер-класска “БИР ДҮЙНӨ” кинофестивалынын алкагында адам укуктары боюнча уюштурулган  фестивалдын катышуучулары  кинооператор Умида Ахмедова, режиссер Олег Карпов, режиссер Хамед Омаров,  режиссер Коридзе Александр жана фестивалдын Чехиядагы директору Андрей Каменский конок катары чакырылды. Мындан тышкары мастер класска Бүбүсара Бейшеналиева атындагы мамлекеттик маданият жана искусство университетинин телекоммуникация факультетинин студенттери да катышты.

     Иш чаранын жүрүшүндө Өзбекстандагы жашоо тууралуу документалдык  фильм көрсөтүлдү. Фильм бүткөн соң студенттер тарабынан суроолор берилип,фильм кызуу талкууланды. Коноктор студенттер менен өз тажрыйбасы менен бөлүшүштү.