2019-03-11


Коммуникация факультетинде кезектеги «МАСТЕР КЛАСС»


Кыргыз эл артисти,  профессор, белгилүү диктор ТАМАРА ЖАМАНБЕВАнын катышуусу менен мастер класс уюштурулду. Иш чара 2018-жылдын 13-декабрь күнү Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетинин Кинозалында болуп өттү.

Тамара Жаманбаева КТРКнын тарыхы, алгачкы өнүгүү мезгили,  КТРКнын дикторлору жана чыгармачыл адамдар тууралуу, о.э. жалпы кыргыз телевидениеси тууралуу айтып берип, сөзүнүн соңунда “Т.Жаманбаева” деген даректүү фильм көрсөтүлдү.

Андан соң студенттердин тележурналистикасында тууралуу суроолоруна  кеңири жооп берди.

Жолугушуу абдан жандуу жана кызыктуу өттү. Студенттер аябай ыраазы болушуп, ыраазычылыктарын билдиришти. Аягында чогуу сүрөткө да түшүштү. Бул жолугушууга Радио, телевидение жана кино бөлүмүнүн студенттери, мугалимдери жана бөлүм башчысы катышты.