2019-03-11


Айтматов жана кино


    2018-жылдын 6-декабрь күнү Кыргыз-Түрк “Манас” Университетинин Коммуникация факультетинде “Айтматов жана кино” аттуу жыйын болуп өттү. Иш чаранын жүрүшүндө жыйындын коногу Регина Жаманкулова Айтматовдун ааламдагы ордун жана дүйнө жүзүнө кошкон салымы жөнүндө айтты.

 -Экологиялык нерселерди 1960-жылдары эле өзүнүн көрөгөчтүгү  менен сезе билген. Чыгармаларында да көп нерсе чагылдырылган. Мисалы:”Кыямат”, ”Кылым карытаар бир күн”, ”Ак кеме” повестинде уламыш, фольклордун негизде баарын көрө алабыз. Балким ошол адамзаттык  баалуулуктар чагылдырылган үчүн дүйнөдө өз ордун таба алды.

Ал эми жыйындын экинчи коногу доцент, доктор Юсуф Юрдигүл Айтматовдун кыргыз жана дүйнө кинематографиясында болгон ордун  баса белгиледи.

-Айтматовдун көп чыгармаларына фильмдер тартылды. Тагыраак айтсак жыйырма бир чыгармасынын негизинде тартылган.Бул фильмдер Кыргызстанда гана эмес дүйнөнүн ар кайсы мамлекеттери тарабынан тартылган. Мисалы: Армения, Түркменистан, Казакстан, Түркия, Германия, Америка, Франция, Таджикстан жана башкалар.

Иш чаранын экинчи бөлүгү “Ак кеме” көркөм тасмасы менен ачылып, тасманын режиссеру Болотбек Шамшиев жана оператор-постановщик Манасбек Мусаевдин мастер классы менен уланды.Иш чаранын жүрүшундө Манасбек Мусаев тасмага актерлордун кантип тартылганын айта кетсе, режиссер Болотбек Шамшиев келечекте Айтматовдун чыгармаларын дагы тарта турганын,”Ак кемени” Түркияда , азыркы Сирияда башкача кылып тарта турган ойлору менен бөлүшүп кетти.

       Белгилей кетсек “Чыңгыз Айтматов жумалыгы” 5-декабрдан 10-декабрга чейин созулган.