2019-03-11


Аалам жана Айтматов жумалыгы


Үстүбүздөгү жылдын 5- декабрында залкар жазуучубуз Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата  Кыргыз-Түрк “Манас” Унитверситетинин Коммуникация факультетинде “Чынгыз Айтматов жумалыгы” башталды. Иш чара “Чынгыз Айтматовдун ааламынын  каармандары сүйлөйт” аттуу көркөм окуу менен ачылып,”Айтматовдун ааламы” аттуу тасманын бет ачары менен коштолду.

       Тасмада эл билбеген көптөгөн фактылар баяндалган. Тасманын режиссеру Бакыт Карагулов: “Айтматовдун ким экендигин, Айтматовдун ички дүйнөсүн, Айтматовдун ааламдык масштабдагы ой толгоосун, ой жүгүртүүсүн, ушуларды ачып берүүгө аракет кылдык. Эң негизги маселебиз ушу болду. Айтматовду үстүртөдөн эмес, ал айсберг сыяктуу киши, суунун астындагы 90%, үстүндө 10% болсо, ошол айсбергдин өзүн суунун үстүнө алып чыгууга аракет кылдык.” – деп ой бөлүштү.

         Аты аталган тасма Кыргызстанда гана эмес Казакстанда, Россияда тартылган. Тасманын оператору Жуманазар Койчубековдун айтымында тасма Кыргызстандын бардык жеринен тартылган. Мисалы, Жалал-Абаддагы Сары-Челекте, Оштогу Өзгөндө. Ар бир кадрды  атайын бир күн же эки күн күтүп, тартып отуруп, беш ай ичинде тартып бүтүрүшкөн.

           Белгилей кетсек, Чыңгыз Айтматов жумалыгы 5-декабрдан 10-декабрга чейин уланды.