2019-10-21


Оберхаузендеги эл аралык кинофестивалынын өкүлү Кристина Бюхнер Коммуникация факультетинде


2019-жылдын 11- сентябрь күнү Оберхаузендеги эл аралык кинофестивалынын өкүлү Кристина Бюхнер жана кино таануучу Гүлбара Төлөмүшованын катышуусунда Коммуникация факультетинин Кино залында 2018-2019 окуу жылындагы Радио-ТВ жана кино бөлүмүнүн бүтүрүүчүлөрүнүн дипломдук иш катары тарткан кыска метраждуу тасмаларын көрсөтүү ишке ашырылды. 

Бул фильмдерди көрсөтүүнүн максаты: фестивалдарга бүтүрүүчүлөрдүн тасмаларын тандап алуу. 

Бул иш чарага Радио-ТВ бөлүмүнүн бардык курстарынын студенттери катышышты.

Фильм көрүү менен бирге, Кристина Бюхнер буга чейин Оберхаузендеги эл аралык фестивалда жеңишке жеткен Радио-ТВ жана кино бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү Караш Жанышовдун сыйлыгын тапшырды. Муну менен бирге Кристин Бюхнер Оберхаузендеги кыска метраждуу фильмдр жөнүндө катышуучуларга кеңири маалымат берди.

 

Пайдалуу шилтеме: http://www.kyrgyzcinema.com/index.php?option=com_content&task=view&id=3174&Itemid=4&lang=ru&fbclid=IwAR3ZMwxrx0JS6o7eAkCpzrfNMsbjMdEN6NaE8VKuwUMKElqLChae5xPHN-w