2019-12-05


Кыргыз-казак элине белгилүү композитор Мырзали Жээнбаев Коммуникация факультетинде конокто


2019-жылдын 28-ноябрь күнү Коммуникация факультетинин кинозалында ага окутуучу Артыкпай Сүйүндүков тарабынан студенттер үчүн семинар уюштурулду. Конокто кыргыз-казак элине белгилүү композитор Мырзали Жээнбаев болду.

Семинарда композитор  музыканын тарыхы, жашообуздагы ролу жана анын кинолорго жазган музыкалары менен тааныштырды.

  1. Нурлан Абдыкадыровдун: “Кыргыз-Казак бир тууган” кино комедиясынын;
  2. “Керемет көч” балдарга арналган берүүсүнүн;
  3. Саламат Мухаммед-Алинин: “Весь мир у наших ног” дебюттук фильминин;
  4. Садык Шер-Нияздын: “Курманжан Датка” фильминин экшн музыкасын жана башка бир топ фильмдерге музыка жараткан.

Иш чаранын жүрүшүндө композитор, фильмге музыка жазууда ар бир образ даана ачылышы үчүн өзүнчө музыка жазылышын, жазылган музыка кино менен кошо билинбей ойнолушу керектигин, ошондо композиторду мыкты деп айта алаарыбызды, мындан сырткары киного музыка жаратууда режиссерлор композиторду тандаарын айтып өттү.

Семинардын акыркы бөлүгүндө студенттер композиторго өздөрү кызыккан суроолорун берип, жоопторун ала алышты.

Семинарга Коммуникация факультетинин студенттери катышышты.