2019-12-10


СТВ каналы Коммуникация факультетинде конокто


Үстүбүздөгү жылдын  4-декабрь күнү окуу жайыбыздын Коммуникация факультетинде СТВ телекомпаниясынын жетекчилиги жана адистери менен биргеликте мастер класс болуп өттү. Мастер класстын спикерлери җаңылыктар программасынын редактору Мунара Кадырдин кызы җана маданий багыттагы берүүлөрдүн алып баруучусу Жанара Эсенова болушту. Мастер класс алгач эле СТВ телеканалынын түзүлүү тарыхын баяндаган кыскача  видео материал  менен башталып, спикерлердин сөзү менен уланды. Иш чаранын жүрүшүндө телеканал тууралуу кенен маалымат берилип , жумушка кабыл алуу, практика өтөө боюнча кошумча  маалыматтар айтылды. «Маданий багыттагы берүүлөрдү жаңылыктар программасынан бөлүп кароого болбойт. Замандын талабы экөөнүн айкалыша берилген программаларында. Биз мына ушул багытта иш жүргүзөбүз» деген Жанара Эсенова төмөнкүлөргө токтолду: «Спорт, көңүл ачууга арналган берүүлөр  орун алган. Дүйнөлүк маалыматтар менен да тааныштырабыз. Биздин чыгармачыл топ эмгекчил, креативдүү ойлонгон жаш кадрларды камтыйт».

Ал эми Мунара Кадырдин кызы: «Азыркы күндө коомду негативдүү маалыматтар менен терс жакка буруп җатабыз. Терс маанайдагы жаңылыктарды бербөөгө аракет жасайбыз. Жаңылыктар эки тараптуу берилип нейтралдуулукту сактоо эң негизги максат болуп эсептелет»,- деп өз сөзүндө баса белгилеп өттү.

 Ошондой эле келген өкүлдөр  жакынкы аралыкта СТВ телекомпаниясынын медиа холдингге айлана тургандыгын  кабарлашты. Медиа холдинг катары жаңы борборлор ачылып  жаңы кадр катары окуу жайыбыздын студенттерин жумушка  алууга даяр экендигин белгилешти.

Мастер класстын алкагында студенттердин  кызыккан суроолоруна җооп беришип, өсүп келе жаткан кадрларга  кеңештерин айтып өтүштү. Белгилей кетсек, СТВ телекомпаниясы 1992-жылы негизделип  27 жылдан бери коомчулукка кызмат кылып келет.