2019-12-25


Мультимедиа. Жаңы тенденциялар


Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетинде 16-октябрь 2019 “Мультимедиа. Жаңы тенденциялар” темасында семинар өткөрүлдү. Бул семинар Радио, телевидение жана кино бөлүмүнүн 2019-2020 окуу жылында бекитилген семинарлардын планына ылайык уюштурулду.

Семинардын коногу “Азаттык” радиосунун мультимедиа тармагы боюнча продюсери Жанар Жолдошбаев болду. Иш чаранын жүрүшүндө Жанар Жолдошбаев бүгүнкү күндөгү мультимедиа тармагындагы абал боюнча, бул жаатта иштөөнүн өзгөчөлүктөрү, мультимедиа жаатында иштеген адистердин иш жөндөмдөрү боюнча кеңири маалымат берди. Жанар Жолдошбаев такшалган кесипкөй адис жана Радио, телевидение жана кино бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү катары, иш чарага катышкан студенттерге медиа айдыңында өз жолун таап кетиш үчүн кандай аракеттерди көрүү зарыл экенин баса белгилеп өттү. Анын айтымында, азыркы чакта медиа уюмдарында көп багыттуу иш алып барган, үн, фото, видео менен иштей алган, мобилдүү адистер талап кылынат. Ошондуктан, Ж.Жолдошбаев, студенттерди колдогу мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп, университет жылдарында мүмкүн болушунча көп тажрыйба топтоп, көп көп практикалык иштерди аткарууга үндөдү.

“Мультимедиа. Жаңы агымдар” семинарына Радио, телевидение жана кино бөлүмүнүн окутуучулары жана студенттери катышышты.