2019-12-25


IX Эл аралык Кыргызстан кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү кинофестивалынан Радио, телевидение жана кино бөлүмүнө байгелер


IX Эл аралык Кыргызстан кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү кинофестивалынан Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетинин Радио, ТВ жана кино бөлүмүнүн студенттери жараткан тасмалар байгелүү орундарга ээ болушту.

2019-жылдын бүтүрүүчүсү Жанузак Мамытовдун “Салт” кыска метраждуу көркөм тасмасы фестивалдын Улуттук конкурсунда “Эң мыкты тасма” аталды. Ал эми 4-курстун студенти Гүлнара Айтмаматова жана Азамат Асанбеков даярдаган “Ата журт” даректүү тасмасы “Көрүүчүлөрдүн тандоосу” байгесине ээ болду.

Жанузак Мамытов “Салт” тасмасын Радио, тв жана кино бөлүмүнүн ага окутуучусу Стамбулбек Мамбеталиевдин жетекчилиги астында, ал эми Гүлнара Айтмаматова жана Азамат Асанбеков “Атажурт” тасмасын бөлүмдүн башчысы доц.Молдосейит Мамбетакуновдун жетекчилиги астында даярдашкан.

Эске сала кетсек, IX Эл аралык Кыргызстан кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү кинофестивалы 12-15 Декабрь 2019 жылы Бишкек шаарында болуп өттү.