2020-01-12


Бүтүрүүчүбүз Аят Бакаеванын Түркиядагы жеңиши


Түркиянын Газиантеп шаарында 2019-жылдын 12-15 декабрында 2019 5 Эл аралык Алтын Баклава Студенттик фильмдер фестивалы жыйынтыкталды.

Бул фестивалда 24 өлкөдөн 200дөн ашык фильмдер катышты. Фильмдер эки: көркөм жана даректүү фильмдер категориясында бааланган.

Көркөм фильмдер категориясында Радио, телевидение жана кино бөлүмүнүн 2019-жылдагы бүтүрүүчүсү Аят Бакаеванын “Үчөө” аттуу кыска метраждуу тасмасы “Эң мыкты фильм” аталып, жеңишке жетишти. Аят Бакаева бул фильмди дипломдук иш катары ага окутуучу Стамбулбек Мамбеталиевдин кураторлугу астында даярдаган.

Аят Бакаеваны жана Стамбулбек Мамбеталиевди куттуктайбыз!

Пайдалуу шилтеме: https://www.ntv.com.tr/sanat/5-altin-baklava-film-festivalinde-oduller-sahiplerini-buldu,wCwBNC4ZwUi5qzUYNSU-8A