2020-01-12


"Ороздунун он уулу" мультфильминин бет ачары


10-январь күнү “Замана” студиясында Төлөмүш Океев атындагы Кыргызфильм киностулиясы тарабынан тартылган Манастын бабалары туурасындагы “Ороздунун он уулу” атту мультфильмдин бетачары болду. Мультфильмге Манасчы Жусуп Мамайдын варианты алынып, анын сценарийин Кыргыз Республикасынын Эл Артисти, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетинин Радио, ТВ жана кино бөлүмүнүн башчысы Молдосейит Мамбетакунов жазган, ал эми Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетинин Коом менен байланыш жана реклама бөлүмүнүн ага окутуучусу Каныбек Өмүрбеков долбоордо режиссерлук кылды. Долбоордун демөөрчүсү Кыргыз-Түрк “Манас” университети болду.

Мындан тышкары 13-январь күнү Молдосейит Мамбетакунов жана Каныбек Өмүрбеков 1-Радионун эфиринде да Манас туурасындагы мультфильмдин презентациясын өткөрүштү.