2020-11-02


"Шамбала" фильми Киношоктон байгелүү кайтты


Радио, ТВ жана Кино бөлүмүнүн ага окутуучусу, режиссер Артыкпай Сүйүндүковдун "Шамбала" толук метраждуу көркөм тасмасы Россиянын Анапа шаарында өткөн XXIX "Киношок" ачык фестивалында эки сыйлыкка ээ болду. Тасмада жаш баланын ролун жараткан Артур Аманалиевге жюринин атайын диплому  жана тасманын композитору Мурзали Жээнбаевге "Эң мыкты музыка" сыйлыгы ыйгарылган. 

Бул тасма Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" повестинин негизинде Кыргыз Республикасынын өкмөтү бөлүп берген каражатка Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" студиясында тартылган. 

Дагы бир жолу Артыкпай агайбызды куттуктайбыз