2020-11-30


КТРК журналисти Алмаз Касмалиев менен семинар


2020 жылдын 23-ноябрында саат 11:30да Радио, ТВ жана кино бөлүмүнүн студенттерине КТРКнын журналисти жана алып баруучусу Алмаз Касмалиев семинар өткөрдү. Иш чара паденмия шарттарынан улам Google Meet аркылуу онлайн форматта ишке ашты. Алмаз Касмалиев кесиптик тажрыбайсында башынан өткөн окуяларды баяндап, журналистика, ТВ жаатында иш алып баруунун өзгөчөлүктөрү, сырлары, кыйчалыш кырдаалдар жөнүндө кеңири ой бөлүштү. Семинардын жүрүшүндө телевидениедеги кесиптердин өзгөчөлүктөрү, айырмачылыктары да каралды.

Семинар доц.Молдосейит Мамбетакунов тарабынан уюштурулду.