2020-11-30


«Московская премьера» Эл аралык кинофестивалындагы «Шамбала» фильминин ийгилиги


2020-жылдын 12-17 ноябрь күндөрү Москва шаарында болуп өткөн «Московская премьера» Эл аралык кинофестивалында Коммуникация факультетини Радио, ТВ жана кино бөлүмүнүн ага окутуучусу, КР Эл артисти Артыкпай Сүйүндүковдун “Шамбала” толук метраждуу көркөм тасмасы ийгиликтүү болду.

Фестивалдын жюрисинин чечими менен “Шамбала” тасмасында башкы ролду жараткан Насретдин Дубашев “Эң мыкты эркек ролу” категориясында жеңишке ээ болду жана тасмада Шамбаланын ролун аткарган Артур Аманалиевге “Жюринин атайын сыйлыгы” тапшырылды.

“Шамбала” тасмасынын Кыргызстандагы бет ачары жаз айларында пландалгандыгы айтылууда.

Артыкпай агайды кезектеги жеңиши менен куттуктайбыз!

Пайдалуу шилтеме: http://www.kyrgyzcinema.com/index.php?option=com_content&view=article&id=3494%3A17-11-2020-kyrgyz-cinema-day-several-filmmakers-were-awarded&catid=30%3Afilm-news&Itemid=4&lang=ru&fbclid=IwAR1TUxh4qjZ8l-JBqe_jewRS92pfOZzVEOJtrs7Yb2Jft3-0g7MTy42jKOU