2021-05-27


"Кино жана мифология" семинары


2021-жылдын 9-апрелинде саат 15:00 Радио, ТВ жана кино бөлүмүнүн 3-курстары үчүн "Кино жана мифология" темасында онлайн форматта семинар өткөрүлдү. Семинарды кенже илимий кызматкер Жамиля Абдымаликова ишке ашырды. Семинардын жүрүшүндө кино жана мифологиянын байланышы каралды. Мифологиянын тарыхтагы, адабияттагы орду, анын мааниси, өзгөчөлүктөрү, кинонун келип чыгышы, кинонун башка искусство багыттарын өзүнө камтып, кино тили катары сиңирип алышы, заманбап кинематографда мифологиянын колдонулушу сыяктуу темалар талкууланды. Семинарда ага окутуучу Артыкпай СҮйүндүков дагы сөз сүйлөдү.