2021-05-27


"Түрк тилдүү мамлекеттердин кинематографияларында көркөм каражат катары этноспорттун колдонулушу" темасында семинар


Радио, ТВ жана кино бөлүмүндөгү кезектеги "Түрк тилдүү мамлекеттердин кинематографияларында көркөм каражат катары этноспорттун колдонулушу" темасында семинар уюштурулду. Семинарды ага окутуучу Марат Эргешов 20-май 2020 саат 16:00 онлайн форматта өткөрдү. Иш чаранын алкагында Түрк тилдүү мамлекеттердин кинематографияларында улуттук спорт оюндарынын бир көркөм каражат катары колдонулушу тууралуу баяндалды. Ошондой эле, улуттук оюндарга, жарыштарга жана спорт түрлөрүнө маданияттын ишке ашуусундагы маанилүү бир элементи катары кароо жана кийинки муундарга массалык маалымат каражаттарынын эң эффективдүүлөрүнүн бири болгон кино аркылуу жайылтуу дагы талкууланды. Студенттердин ойлору да айтылып, тема боюнча талкуу жүргүзүлдү.