2021-06-29


“Адамдар, окуялар жана фактылар” темасында жыйын


 

КЫРГЫЗ Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата пландалган иш чаралардын алкагында Коммуникация факультетинин Радио, ТВ жана кино бөлүмүндө “Адамдар, окуялар жана фактылар” темасында 5-июль саат 10:00дө онлайн форматта жыйын уюштурулат. Иш чаралага Радио, ТВ жана кино бөлүмүнүн окутуучулары жана студенттери катышышат.  Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө арналган “Адамдар, окуялар жана фактылар” аттуу даректүү тасмасы көрсөтүлөт, фильмдин алдында фильмди жараткан чыгармачылык топтун мүчөлөрү сөз сүйлөйт.

Жыйынга бул шилтеме аркылуу катышууга болот: Google Meet https://meet.google.com/epf-svmu-sdz