2021-09-19


Радио, ТВ жана кино бөлүмүнүн бүтүрүүчүлөрүн "Кыргызстан - кыскаметраждуу тасмалар өлкөсү" эл аралык кино фестивалында 4 сыйлыкка ээ болушту


2021-жылдын 14-17 сентябрында Бишкекте "Кыргызстан - кыскаметраждуу тасмалар өлкөсү" эл аралык кино фестивалы өттү. Аталган фестиваль 2010-жылдан бери жыл сайын уюштуруп келет. 

Фестивалдын ишинин жыйынтыгында Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетинин Радио, ТВ жана кино бөлүмүнүн студенттери бир катар сыйлыкка ээ болушту. 

Нурзада Уланбек кызынын "Кызбала" аттуу тасмасы  "Улуттук конкурс" категориясында Көрүүчүлөрдүн тандоосу сыйлыгына;

Алтынкыз Шаршенкулованын "Үй" аттуу даректүү тасмасы "Улуттук конкурс" категориясында жюринин атайын сыйлыгына;

Гүлнара Айтмаматова "Тайгак жол" аттуу даректүү тасмасы "Улуттук конкурс" категориясында "Эң мыкты режиссура" сыйлыгына;

Айкөл Нурланбек уулу "Мээрман" аттуу даректүү тасмасы менен "Эл аралык конкурс" категориясында Көрүүчүлөрдүн тандоосу сыйлыгына татыды. 

Бүтүрүүчүлөрүбүздү дагы бир жолу куттуктайбыз! Сыймыктанабыз жана мындан аркы чыгармачылык жолунда ийгилик каалайбыз.