2021-11-18


Асанкожо Айтикеев менен мастер класс


2021-жылдын 15 – ноябрь күнү Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетинде Радио, телевидение жана киноискусство бөлүмүнүн студенттери үчүн мастер класс болуп өттү. Мастер класска Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген кинорежиссёр Асанкожо Айтыкеев катышты.

Иш-чара А. Айтыкеевдин "Сокур кемпир көрөгөч" аттуу көркөм тасмасын көрсөтүү менен башталып, студенттер менен агайдын суроо-жооп маеги менен уланды. Мастер класста Асанкожо Айтыкеев өзүнүн чыгармачылык жолун, тасмалары тууралуу студенттер менен ой бөлүшүп, акыл-насааттарын да айтты. Ошондой эле жалпы теле жана кино искусствосунун тарыхы, андагы усталар, азыркы кыргыз киносунун ал-абалы боюнча пикирлерин айтып, студенттерге баалуу кеңештерин берди.