2022-02-08


ФОТОКОНКУРС “АЙЫМ ЖАНА ЭМГЕК”


Кымбаттуу достор,

Айымдар үй-бүлөсүнүн жашоосунда эң маанилүү кыймылдаткыч күчү. Алар күн сайын тынбай ар түрдүү жумуштар менен алек болушат. Кызык жери, алардын жасаган иши көбүнчө байкалбайт, бааланбайт. Бул теманы изилдөө максатында фотоконкурс жарыяланат. Фотоконкурска күндөлүк турмушта үйүндө айымдардын аткарган жумуштары чагылдырлагн сүрөттөр кабыл алынат. Изденүү менен тартылган, жаңыча чыгармачыл көз караш менен тартылган сүрөттөр тартылат деген үмүттөбүз

Фотоконкурстун жыйынтыгы чыгарылат, жеңүүчүлөргө сыйлыктар каралган. Эң мыкты сүрөттөр топтолуп, 8-мартка карата фотокөргөзмө уюштурулат. Ошондуктан, сүрөттөр мыкты сапатта болушу зарыл.

Сыйлыктар:

1-орун: 3000 сом

2-орун: 2000 сом

3-орун: 1000 сом

Фотоконкурска сүрөттөр Коммуникация факультетинин 1-2-3-4 курсунун студенттеринен кабыл алынат. Фотосүрөттөрдү 28-февраль 2022 чейин camila.abdimalikova@manas.edu.kg электрондук адресине жөнөтүү зарыл. Ар бир студент 3-5 сүрөт тапшыра алат. Студенттин аты жөнү, курсу жана ар бир фотосүрөткө 1 сүйлөм менен сүрөттөмө жазылышы керек. 

Суроолор боюнча: +996555007793 

Күтөбүз!

P.S.Бул конкурс 2021 жылы пандемия жана онлайн окуу болгондуктан жыйынтыкталбай калган, ошондуктан бул жылы жыйынтыкталат жана былтыркы жылы жиберилген фотосүрөттөр да эске алынат.